00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жоопкерчилик каралат! Боронов Нарындагы абалды турукташтырууга үч күн берди

© Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевРеспубликалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер айрым аймактарда санитардык иштердин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын айтып кейиди.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салууга  тиешелүү бийлик органдарына үч күн убакыт берди.

Белгилей кетсек, Нарында коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жатканы байкалууда.

"Учурда Нарын шаарында байланыш аркылуу оору жуктургандар облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болууда. Шаардагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга үч күндүк мөөнөт берилет. Эгерде бул аралыкта абал оң жагына өзгөртүлбөсө, тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек", — деди Боронов.

Ошондой эле ал өлкөдө катталган жаңы учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берерин белгилеген.

Карантин борбору медиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 Кыргызстандын кайсы аймагына көп жайылды. Тизме
Нарын облусундагы өкүл Эмилбек Алымкулов оорунун очогу чыккан жерди курчоого алуу, шаардын кире беришиндеги жана ичиндеги блокпосттордун санын толуктоо, оорулуу менен байланышта болгон адамдарды изоляциялоо иштерине басым коюлуп жаткандыгын билдирген.

Кеңешменин жыйынтыгында бардык санитардык-карантиндик иш-чараларды күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 16-майга карата коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча 163 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен 65и Нарын шаарында. Аймактар боюнча салыштырганда, Нарын үчүнчү орунга чыкты. Анын алдында Бишкек шаары менен Ош облусу бар.

Улуттук гвардия жана бет капчан милиция кызматкерлери Бишкектин четиндеги өткөрүү пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке келбей тургула! Мэрия башка аймактын жашоочуларынан суранды
Шаар мэри Нурбек Молдокадыров үй-бүлөсү оору жуктурган медиктер менен милиционерлер көбөйүп жатканын айткан. Ошондой эле калаанын төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келиндер да коронавирус жугузуп алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0