Саламатсыздарбы? Турмуштан адашып кетип, андан кантип чыгышты билбей жатам.
Жашым 31де. Айылда чоңоюп, мектепти бүткөндөн кийин элдин балдарынан калбай шаарга келдим. Бирок окууга тапшырган жокмун. Үйдүн улуу баласы болгондуктан, келерим менен иштедим.
30га чыкканда дүкөндөргө товар ташып иштеп калдым. Ошол учурда шаарда дүкөн иштеткен бир эже менен мамилебиз жакындап кетти. Ал менден 10 жаштай улуу. Эки баласы бар, жолдошу менен ажырашып кетиптир. Кантип ага жакындап кеткенимди да билбей калдым. Кылган мамилеси үчүн аны жактырып калдым. Экөөбүздүн жарандык никеде жашап жатканыбызга алты айга чукулдады. Жакындарыман эч ким билбейт. Айылда болсо атам менен апам "качан үйлөнөсүң" дей берип тилдери тешилди. Мен болсо аларга "ажырашкан аял менен жашап жатам" деп кантип айтам? Апам аны укса чалкасынан кетерин билип турам. Менин үйлөнгөнгө каалоом жок. Чогуу жашап жаткан келин деле ата-энем каршы чыгарын билет, жакшы эле түшүнөт. Бирок бири-бирибизден ажырай албай жатабыз.
Эмне деген туңгуюкка кирип кеткенимди өзүм да түшүнбөй калдым. Албетте, ата-энемди санаага салгым келбейт. Бирок жан дүйнөм менен да күрөшө албай кыжаалатмын. Эмне кылсам, апама ачыгын эле айтсамбы? Ал келин абдан түшүнүктүү адам. Бирок жакындарым кабыл алабы? Башка кызды кайдан табам? Аны сүйбөсөм кантип бактылуу кылам? Иши кылып суроо толтура. Баарын түшүнүп, билип турсам да, бир чечимге келе албай кыйналдым.
Нуриза Батырбекова, психолог:
— Ар бир адам жашоосун кайсы учур болбосун өзгөртө алат. Үй-бүлө куруу жашоодогу эң маанилүү кадамдардын бири. Кайрылган адамдын ойлору өтө көп экени катында байкалып турат. Жарандык никеде жашап жаткандын өзү эле үй-бүлө курулгандан кабар берет.
Алгач өзүңүзгө "азыр жашап жаткан келин мага чын эле жагабы, аны менен өмүр бою жашаганга даярмынбы, чындап эле сүйөмбү же, балким, анын алдында милдеттүүмүн деп ойлоймунбу?" деген суроолорду берип көрүңүз.
Ар бир эне баласына жакшы нерселерди каалайт. Эгер апаңызга "бул адамды чындап жакшы көрөм, бул адам менен өзүмдү бактылуу сезем, балдарын татыктуу тарбиялаган эркек болуп берем" деп айтып, жоопкерчиликти алсаңыз, анда ата-эне, бир туугандар деле колдосо керек.
Үй-бүлө куруу эки адамдын чечими. Жоопкерчилик да эки адамдын мойнунда болушу зарыл. Ошондуктан ата-эне, жакындарга айтардан мурда азыркы жашап жаткан аял менен бирге жашоону ийне-жибине чейин акылдашып алган оң. Анын да ой-пикирин билүү маанилүү.
Баса, тиги келин менен алты ай жашаптырсыз. Ошол мөөнөттөгү жашоого да саресеп салуу керек. Ал жашоо кандай болду? Ортодо келишпестиктер болгон жокпу? Мунун баарын эске алганыңыз туура деп ойлойм. Эгер ал жашоо жакпаса, анда аны азыр токтотуңуз.
Психологияда дагы бир жакшы ыкма бар. Ал "өзүнө-өзү кат жазуу" деп аталат. "Мен беш жылдан кийин жашоомду кандай элестетем, кайсы адамдар баалуу, кимдер жанымда болушу керек, эмнеге умтулам" деп кат жазып көрүңүз дагы аны эки-үч сааттан кийин же эки-үч күндөн кийин окуп көрүңүз. Бул ыкма да абалдан чыгууга жардам берет. Адиске кайрылып көрүүнү да сунуштайм.