"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет туугандарына, атасына таарынычы бар жигиттин каты жарыяланды.
Жашоодо баарыбыз жакындарыбыздын колдоосуна, жылуу сөзүнө, мээримине муктажпыз. "Атадан алтоо болсо да, сыйлашпаса жат болот " дейт кыргыз. Туугандар арасында сый, колдоо бар болсо, бул да бакыт экен.
Жашым 28де. Жалгыз карындашым бар. Атам менен апам биз кичине кезде эле ажырашып кетип, кийин экөө тең үй-бүлө күтүп кетишкен. Азыр экөөнүн тең очор-бачар өз үй-бүлөсү бар. Биз ата-энеден оолак өз арбайыбызды өзүбүз согуп, карындашым экөөбүз таятамдын колунда өстүк. Ал киши айылда жакшы турган мал-мүлктүү адам болчу. Байкуш таятам мектепти бүткөндөн кийин карындашым экөөбүздү тең жогорку окуу жайында окутту. Мен окууну сырттан окудум. Көбүнчө таятама жардам берип, колуна кол, бутуна бут болуп жүрдүм. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнгөн ынак элек. Ал да мени Бекибайым деп жакшы көрчү. Көзү тирүүсүндө баарына мал-жанын бөлүп берип койгон. Менин да майда, бодо жандыктардан энчим бар эле.
Негизи үйдө таятамдын сөзү сөз болчу. Таенем бир аз башкачараак адам болгону менен таятамдын сөзүнө каршы чыга алчу эмес.
Ошентип окууну бүтөр жылы карындашым турмушка чыкты. Мен да үйлөндүм. Андан кийин көп өтпөй эле таятам каза болуп калды. Мына ошондон кийин кыйын күндөр башталды.
Көп өтпөй таякелерим таятамдан калган мал-жанды бөлүп алышты. Мага чычкак улак да карматышкан жок. Энчимди кошо алып алышты. Ызаланткан көп сөз айтышты. Баккан эмгегимди деле карашкан жок. Ушунун баары мал-мүлктүн айынан болуп жатканын түшүнүп, келинчегимди алып үйдөн чыгып кеттим. Апам деле баарын көрүп-билип турса бир туугандарын "кой" дей алган жок.
Шаарга келип батирлеп жүрүп, эки балалуу болдум. Кесибим прораб болгону үчүн курулушта кадимки жумушчу болуп иштеп жүрүп, досторумдун колдоосу менен эптеп жаңыдан эле фирма ачтым. Азыр бир аздан бутка туруп келе жатам. Көп кыйынчылыктар болду. Жумуш токтогон күнү тамак-ашка жетпей калган күндөр баштан өттү. Балдар ооруп калганда, дарыга акча таппай калган учурлар болду.
Эми ушунча убакыт өткөндөн кийин, ушуга чейин бир басып келбеген өз атам келип, ата-баладай катышалы деп жанымды койбой жатат. Апам угуп алып такыр эле чалкасынан кетти. "Катышсаң, апаң эмесмин" дейт. Анын деле жөнү бар болуп турат. Атам коңшу айылдык болгону менен шаарда турат. Үч-төрт батири бар деп угам. Кичинемде бир басып келген эмес. Кийин окууну бүткөндө келип, батир алып бермек болуп ошону менен жок болгон.
Кээде баламды карап отуруп таң калам. Адам кантип ушунчалык мерез болот? Баламды кайындарыма таштап кантип басып кетем...
Атам аркылуу ата-журтум менен катышсамбы деп да ойлоп кетем. Тага журтумдун мамилеси тиги. Булардан башка тууганым жок да. Апамдын балдары менен чала таанышмын. Атамдын балдарын көргөн эмесмин. Эч ким менен катышпай да жүрө албайт экенсиң. Жамандык-жакшылык болот дегендей. Эмне кылсам? Катышайын десем, таарыныч, муздай тоңгон көңүл, апамдын шарты.
Катышпайын десем, аным да туура эмес го деп ойлойм. Атамды кечире аламбы? Билбейм. Кеңеш бере аласыздарбы?
"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:
--Окуя өтө кайгылуу экен. Ата-энеси кичинесинде эле ажырашып кетип, карындашы экөө алардан бөлөк өскөнү аянычтуу. Бул бала жашоо башатында фундаментин куруп, базасын бекемдеп берчү ата-энесинин жок болгону үчүн кыйналып жатат. Бирок таятасы жөлөк болуптур. Ошентсе да таята, чоң аталар небере үчүн ата-энечелик болбойт. Таята да алгач жээнин эмес, өз баласын ойлойт. Психология ушундай. Ошондуктан каттын ээси чоңойгондо тайларынын жанагындай мамилесине дуушар болуп жатат. Ал боло турган иш болчу. Бул жигиттин туугандарга болгон баалуулук сезими талкаланып, ишеними өчкөн. Азыр өздүн жанында жат, жаттын жанында өз болуп турат. Ошол себептен туугандар менен мындан ары кандай болууну чече албай ортодо кыйналып, жалгыздыкты сезип турат.
Азыр турмуш ыргагы материалдык баалуулуктарга басым жасоодо. Ошондуктан каарман анализ жүргүзүп, оюн топтоп, баарын өз ордуна коюп туруп жаңы жашоо башташы керек. Жаңы жашоонун ичинде өзү, аялы, балдары болсун. Мунун өзү туугандары менен мамилени үзүп салуу дегендик эмес. Туугандары менен сый мамиледе болгону жетиштүү.
Андан көрө ушул учурдан баштап, өзү ата-энесинен албай калган мээримди балдарына берип, алардын жашоодогу пайдубалын түптөөгө, балдарынын бактылуу балалыгына энергиясын жумшоосу абзел. Өз үй-бүлөсүнүн келечегине көп көңүл бурса, утушу ошо болот.
Социум деген түшүнүк бар. Адамдын жан-дүйнөсү канчалык таза болуп, түз жүрсө, ага ошондой адамдар тартыла берет. Мындай адамдар жалгыздыкта калбайт.
Экинчиден, туугандар жок болуп кетпейт, алар деле "бул бизден неге алыстап кетти?" деп ойлонушу мүмкүн. Балким тайлары биринчи кол сунар. Башкысы алдыга карай умтула бериш керек. Мындай куракта кейигенге негиз жок.