Бул туурасында Daily Mail жазды. 41 жаштагы аялдын бул кылыгын маңдайкы көп кабаттуу үйдө ага байкоо салып турган адам тартып алган.
Видео YouTube каналына да жайгаштырылган.
Полиция күрөө акча төлөтүп, эркиндикке коё бергенден кийин кайра келип шашпай чечинип, полициянын машинасына чыгып кеткен. Андан соң тегерек-четтегилерге колун булгалаган.
Жерге түшкөндөн кийин полиция кармап кетүүгө аракет кылганда каршылык көрсөткөн. Ээ-жаа бербей, жулунуп жатканда полиция кызматкери желим таяк менен шыйракка чапканын видеодон байкоого болот. Андан соң бейбаш жашоочуну Тез жардам кызматы менен алып кетишкен. Маалыматта анын аты-жөнү жана кийинки тагдыры кабарланган эмес.
Буга чейин жай турмушта, футбол беттеши жүрүп жатканда оюн талаасына чуркап чыккан моделдин видеосу интернетке тараган.