00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

G7 Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн карыз төлөө мөөнөтүн жылдырууну колдоду

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүМонеталар жана накталай акча. Архив
Монеталар жана накталай акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,6 миллиард долларды түзөт, анын 3,9 миллиарды тышкы карызга туура келет. Ал эми 1,8 миллиарды Кытайга таандык.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. G7 уюмуна кирген өлкөлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга карыздарды тейлөөгө мораторий киргизүүнү колдошту. Бул туурасында АКШнын Финансы министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Мындай чечимди финансы министрлери менен G7 уюмунун борбордук банктарынын жетекчилери шейшемби күнү видеоконференция түрүндө өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алышкан.

"Министрлер жана борбордук банктын жетекчилери бир катар аялуу жана жакыр өлкөлөр коронавирустун кесепетинен улам саламаттык сактоо жана экономика жаатында олуттуу көйгөйлөргө туш болорун белгилешти. Бул өлкөлөргө жардам көрсөтүү боюнча көп тараптуу аракеттерди колдоп,  Дүйнөлүк банктан жеңилдетилген тартипте каржыланууга укугу бар бардык өлкөлөрдүн карыз төлөө мөөнөтүн убактылуу токтото турууга даяр. Ага Париж клубунун макулдашуусу менен Чоң жыйырмалык тобунун эки тараптуу расмий насыячылары кошулушу керек" — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан жардам алып жүргөн 76 мамлекеттин карызын тейлөөнү токтото турууга чакырган. Жогоруда сөз болгон 76 мамлекеттин ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан дагы бар. Мөөнөт алты айдан тогуз айга чейин деп макулдашылды.

Шаардагы блокпостто аскер унааны дезинфекциялоо кылып жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев чет өлкөдөн алынган каражаттар эмнеге жумшалып жатканын айтты
Бул убакыттын ичинде карыз алган мамлекеттер менен эл аралык каржы уюмдары андан аркы пландарын бекитип, сүйлөшүп алышат. Айрымдары үчүн карыздын бир бөлүгү жоюлса, башкаларына каржы жаатында көйгөй жаралгандыктан, төлөө мөөнөтүн узартууга шарт түзүп берүү каралып жатат.

Эске салсак, коронавирус менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бөлгөн. Ал эми Дүйнөлүк банк 12,15 миллион доллар берди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,6 миллиард долларды түзөт, анын 3,9 миллиарды тышкы карызга туура келет. Ал эми 1,8 миллиарды Кытайга таандык.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-апрелде, Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, карызды төлөөдө жеңилдик беришин сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0