00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:08
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Штаб президентке өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ыкчам штаб медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков аны кабыл алып жатканда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Боронов мамлекет жетекчисине көрүлүп жаткан ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берди.

Президент Жээнбеков жолугушуу учурунда коронавирус инфекциясы менен түздөн-түз күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин жана башка адамдарды жеке коргонуу каражаттары, башка бардык зарыл нерселер менен камсыздоого дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурганы айтылат. 

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Шишкебек жебей үйдө отуруп туруңуз! Ош коменданты даттанууларга жооп берди
Мындан сырткары, өлкөдөгү эпидемиологиялык жана макроэкономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кырдаалга терең, комплекстүү талдоо жүргүзүү зарылдыгын айтты. Түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте калктын социалдык аяр катмарына жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. 

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды. Бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынды, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүүдө. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун жайылуусунун чегине жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

"Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алып, Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди. Бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге Республикалык оперативдүү штабдын жетекчиси социалдык аяр жарандарды, убактылуу жумушсуздарды, кичи жана орто ишкерлик субъектилерин, медиктерди, күч жана башка тиешелүү структуралардын кызматкерлерин колдоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Коронавирустун Кыргызстанда жайылышы

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял вице-премьер-министра Эркина Асрандиева - Sputnik Кыргызстан
Жумушсуз калгандарга көңүл бургула. Жээнбеков Асрандиевге эскертти
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0