Оцепление в городе Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирустун 27-күнү: сүрөт, фото, тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда COVID-19га кабылгандар үч жүздөн ашты. Оору бардык курактагыларга жуккан. Арасында улгайгандар, жаштар жана балдар бар. Андан сырткары, 63 медик да коронавируска чалдыккан.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам 25-марттан тарта Кыргызстандагы үч шаар менен үч районго өзгөчө абал киргизилген. Алар: Бишкек, Ош жана Жалал-Абад калаалары менен Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондору.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:42 13.04.2020

13-апрелге карата Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 17си коронавирус катталганы боюнча расмий жарыялай элек. Алар:

Вануату;
Кирибати;
Түндүк Корея;
Комор аралдары;
Лесото;
Маршалл аралдары;
Микронезия;
Науру;
Палау;
Самоа;
Сан-Томе жана Принсипи;
Соломон аралдары;
Тажикстан;
Тонга;
Түркмөнстан;
Тувалу;
Түштүк Судан.


 

17:38 13.04.2020

Sputnik Кыргызстан агенттиги Ысык-Көл облусунда коронавирус аныкталган төрт адамдын маршруттук картасын тактоого аракет кылды. Булар Балыкчы жана Караколго чейин бир топ адам менен буста чогуу барышкан. Ал жүргүнчүлөр азыр табылбай жатат.

 

Ситуация в связи с коронавирусом в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү коронавирус чуусу. Бейтаптар отурган эки бустун жүргүнчүлөрү кайда?
16:46 13.04.2020
16:23 13.04.2020

“Мурдагы сүйлөгөнүмдө медицина кызматкери боюнча маселе айтылган. Мен айткан маалыматты кайсы бир медицина кызматкери өзүнө алган болуп жатат. Анда бирөөнүн купуя сырын ачып, аты-жөнүн атоо боюнча ой болгон эмес. Максат  - вируска каршы күрөшүп жаткан кызаматкерлердин вируска кабылуусунун, ошондой маселенин алдын алуу эле. Ушундай ой менен айтылган. Эгерде медиктердин аброюна шек келтирген болсом, аларга катуу тийсе жалпы медиктерден кечирим сурайм”, -  деди Боронов.

16:20 13.04.2020

Боронов: Коргонуучу кийимсиз жана атайын каражатсыз кызматкер жок. Эгер алар кийбей же жетпей жатса, жергиликтүү жетекчилердин күнөөсү.  Себеби, учурда аларды саны жетиштүү

Бет кап   - 79 836

Бир жолку кие турган коргоочу костюмдар  - 16 388

Көп жолку кие турган коргоочу костюмдар – 13 060

Респиратор  - 41611

Көз айнек  - 6579   

Бахила - 410 692

16:13 13.04.2020

Боронов: Ишкерлерден, элден келген жардамдар боюнча эсептер ачылган. Ага түшкөн каражат  123 миллион сомдон ашты.

Элдин аялдуу бөлүгүнө жардам кылуу боюнча эсепке түшкөн акча 7 миллион сомдон ашты.

 

16:08 13.04.2020

Боронов: элди азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздоо боюнча үч комендатурада иштер жүргүзүлүп жатат.

16:08 13.04.2020
16:08 13.04.2020

Боронов азыркы учурда ооруну жуккандар жана байланышта болгондорду табуу ишиндеги маселелерден улам өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу боюнча президентке Республикалык штаб сунуш киргизгендигин айтты.

16:08 13.04.2020
15:38 13.04.2020
15:29 13.04.2020

Банктарга антисептикалык каражаттарды коюп жана кардарларды мүмкүн болушунча тезирээк тейлөө айтылды. 

Бул туурасында Нарын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.   

15:08 13.04.2020

Облуста элдик кошунга тартылган ыктыярдуу жаштардын саны 854 жаранды түздү. Алар күнү-түнү нөөмөткө туруп айылдагы кыймыл аракетти көзөмөлгө алууда.
Мындан сырткары, 82 патрулдук топтор уюштурулган.
Эскерте кетсек, Баткен облусунда 4 негизги, 23 ички санитардык карантиндик пост коюлган.

15:05 13.04.2020
14:09 13.04.2020

Ыкчам штаб медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков аны кабыл алып жатканда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

 

14:08 13.04.2020

Ноябрда коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын "Хуашань" ооруканасындагы жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн башчысы, COVID-19 вирусун айыктыруу боюнча ыкчам топтун жетекчиси Чжан Вэньхун билдирген

 

Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кытай ноябрда коронавирустун жаңы толкунун божомолдоодо
13:51 13.04.2020
13:33 13.04.2020
13:29 13.04.2020

Ала-Бука районунда макарон азыктарынын килограммы 65 сомго чыгып кетти деген суроо түштү.

“Кымбаттап кеткен бул фактыны карап көрүп, анан жообун берели”, - деди Мойдунов.

13:19 13.04.2020

"Буга чейин аймакта 5 факты катталган. Азыркы талап боюнча бир 10 миң сомго чейин айып тартылат деген эреже бекиген", - деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аталган облустагы жетекчиси Ниязбек Мойдунов. 

 

13:18 13.04.2020

Түз эфирде коменданттык саат узартылабы деген суроо түштү.

Жоробеков: азырынча коменданттык саатты узартуу же бүтүрүү боюнча азырынча так маалымат жок. Эгерде узарса, пропуск маселеси чечилет.

13:13 13.04.2020
12:59 13.04.2020
12:40 13.04.2020
12:33 13.04.2020

Түз эфир учурунда коменданттык саатты бузгандар кимдер жана эмне себептен улам бузганын айтыштыбы деген суроо түштү. 

Нурдинов: Маселен, Кара-Суу районунда автоунаасы менен мас болуп чыгып, кармалып алгандардын жообу ар кыл. “Жашаган айылыма  жетип алайын дедим эле” деген жооп берди. Демек, берки айылдан ичип, рулга отуруп чыккан да. 

Ош шаарында да ушундай себептер. "Экинчи кичи районго жетип алайын дегем" деп жооп айтышты.

Үйлөрдө, махаляларда ушундай көрүнүш. Айрымдары, 4-5тен чогулуп, жомогун айтып отуруп алышат. Атайын автоунаа барса, кирип кетет. Милиция кетсе, артынан кайра чыгып алат. Биз менен ачакей-жумакей ойноштун кереги жок.  Мындай көрүнүш Ош шаарында көбүрөөк. Буларга чара көрөбүз.

Ноокатта бир нече күндөн бери эч ким коменданттык саатту бузган жок.

12:18 13.04.2020
12:16 13.04.2020

Нурдинов: Айрым жерлерде милиция кызматкерлери, ички аскерлер жетишпей калып жаткандыктан, эл чыгып кетип жатат. Андыктан, ар бир адам кооптуулуктан улам  өзү обочолонсо жакшы болот эле. Өзгөчө абал орган кызматкерлеринин ойлоп чыккан тартиби эмес. Ушуга түшүнүк менен карасак.

12:13 13.04.2020

Нурдинов: Ош шаарында коомдук-саясий кримогендик абал туруктуу, кырдаал комендатуранын  көзөмөлүндө. Суткада 17 адам коменданттык тартипти бузду. 

12:10 13.04.2020
11:50 13.04.2020
11:49 13.04.2020

Коронавирус жуктургандар арыктап, күч-кубаты кетип калууда. Ошондуктан бейтаптарга күчтүү жана витаминдүү тамактарды берип туруу зарыл. Бул тууралуу Асамидин Марипов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

 

Асамидин Марипов - Sputnik Кыргызстан
Марипов: коронавирус жуктургандар арыктап, алсырашат
11:43 13.04.2020
11:24 13.04.2020

Атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган жактарга карата гана колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат.

- Мобилдик тиркеменин иш алып баруусу адамдарга медициналык кызматкерлердин ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берет. Ошондой эле, тиркеме бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет.  
- Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, шашылыш SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү бар.

- Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган. Мониторинг системасына маморгандар тарабынан ӨК жана ӨА режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат.
 

11:19 13.04.2020

аялдар -  224

эркектер -195.

Ал эми акыркы суткадагылардын ичинен  23ү аялзаты,  19у эркек киши.  

11:09 13.04.2020

9 медкызматкер – Бишкек шаарында  

4 – Ош облусунда,

2 – Ош шаарында,

1 – Баткен облусунда.

COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

11:06 13.04.2020

Ош облусунда – 128,

Бишкек ш. – 69. 

11:05 13.04.2020

 Жалал-Абад облусунда – 91,
Ош облусунда – 128,
Ош ш. – 59,
Чүй облусунда – 27,
Бишкек ш. – 69,
Баткен облусунда – 5,
Нарын облусунда – 34,
Ысык-Көл облусунда – 6.

11:04 13.04.2020
11:02 13.04.2020

Бишкектен – 10

Ош облусунан – 9 

Нарын облусунан  9

адамдан жаңы катталды. 

11:00 13.04.2020

Бишкекте – 10
Чүй облусунда – 6
Ош облусунда – 9
Ош шаарында – 5
Жалал-Абад облусунда – 2
Нарын облусунда – 9
Баткен облусунда – 1

10:53 13.04.2020

COVID-19 өзү инфекция болгондуктан, өнөкөт ооруга айланбайт жана курч мүнөздө өтүп кетет. 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, көпчүлүктө вирус оорунун эч кандай өзгөчө белгиси байкалбай эле өтүп жатат.

“Мисалы, азыр ооругандардын 336сында вирус аныкталганы менен алардын кыйналганын же оорунун өзгөчө белгисин көрө алган жокпуз”, — деди ал.

Үсөнбаев коронавирустун кесепети тууралуу балким кийинчерээк билинерин, бул жаңы вирус болгондуктан, азыр кандайдыр бир бүтүм чыгаруу эрте экенин кошумчалады.

 

10:53 13.04.2020
10:31 13.04.2020

Кыргызстанда бир сутка ичинде 13 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпы 67 адам коронавирустан сакайды.

"Бул бейтаптардын анализи таза болуп, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан аман-эсен үйлөрүнө чыгарылды", — деди Үсөнбаев.

10:18 13.04.2020

Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 419 болду.

"Бишкекте 10, Чүй облусунда алты, Ош облусунда тогуз, Ош шаарында беш, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын облусунда тогуз, Баткен облусунда бирөө катталды. Арасында 16 медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

09:34 13.04.2020

Баса, дарыгерлер чылым чеккен киши кокус коронавирус жуктуруп алса эки эсе кыйнала турганын айтышты. Дарылоо да татаал болушу мүмкүн экен. 

“Чылым чеккен адамдын өпкөсүндө ар кандай оорулар пайда болот. Булар коронавирус жуккан учурда ого бетер козголуп, организмдин вирустан арылышына бир топ тоскоолдуктарды жаратат”, — деди Россиядагы Блохин атындагы онкологиялык борбордун бөлүм башчысы Владимир Левшин

Ал кошумчалагандай, 5–6 жыл чылым чеккен адамда бери дегенде өнөкөт  бронхит илдети пайда болот. Бул вирустун пневмонияны козгошуна эң жакшы шарттарды түзүп берет.

09:26 13.04.2020

Кечээ Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 38 жаңы учур катталды. Аны менен өлкөдө бейтаптардын саны 377ге жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 63 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0