00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элди, өзүңөрдү ойлоп анализ тапшыргыла! Көлдө облбийлик жүргүнчүлөргө кайрылды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛабораториянын ишкерлери тест алуу учурунда. Архив
Лабораториянын ишкерлери тест алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук бийлик кайрылгандардын аты-жөнү купуя сыр катары сакталарына убада берген. Кеп коронавирус чыккан адам менен бир маршруткада кеткен кишилер туурасында болууда.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 25-март күнү Балыкчы — Каракол автокаттамында маршрутка менен келген жүргүнчүлөргө облустук бийлик кайрылып, COVID-19га анализ тапшырууну суранып жатат. Бул туурасында өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Кайрылуу Каракол шаары менен Ак-Суу районунун тургундарына багышталган.

"25-март күнү саат 00:30дар чамасында Балыкчы шаары менен Сары-Камыш айылынын чегинен Каракол шаарына сапар тартып, саат 04:30дар чамасында Караколго келген кара түстөгү 09KG 411AAB номерлүү Mercedes-Benz маршруткасынын жүргүнчүлөрүнө кайрылабыз. Жеке өзүңүздүн, жакындарыңыздын жана элдин коопсуздугу үчүн тез аранын ичинде жакынкы поликлиникага барып COVID-19га анализ тапшырыңыздар", — деп айтылат маалыматта.

Облустук бийлик кайрылгандардын аты-жөнү купуя сыр катары сакталарына кепилдик берерин айткан.

Жолдогу маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө COVID-19 табылган эки киши менен Балыкчыга барган адамдар изделүүдө. Видео
Эске салсак, аталган аймакка COVID-19 Индияга дааватка барып келген эки адам аркылуу кирген. Алар Түп районунун жашоочулары экенин жергиликтүү бийлик органдарынан билдиришкен.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумуп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.

Ал эми Ысык-Көл облусунда COVID-19 төрт адамдан табылган.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0