00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
19:07
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Выгоды ЕАЭС и влияние объединения на страны региона
20:06
41 мин
Ачык кеп
Өлкөдө өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйүүдө — 80 пайызы туура эмес тамактангандар
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көлдө COVID-19 табылган эки киши менен Балыкчыга барган адамдар изделүүдө. Видео

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу маршруткалар. Архив
Жолдогу маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жарандар ошол эле күнү 13 адам менен бир маршруткада Балыкчы шаарына чейин барган. Азыр алардын баары изделүүдө.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган эки киши менен Балыкчыга чейин барган маршрутка жүргүнчүлөрү изделүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Индияга дааватка барып келген Түп районунун эки жашоочусунан коронавирус аныкталган.

Аэропорттон аларды текшерип, үч күн обсервацияга жаткырышкан. Анализдери таза чыккандыктан 24-март күнү үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Маяк, азыркы Ысык-Көл айылынын тургундары обсервация жайын жайгаштырууга каршы чыгууда - Sputnik Кыргызстан
Түптө эл обсервация жайынын ачылышына каршы митингге чыкты. Видео
Жергиликтүү бийлик бул жарандар ошол эле күнү 13 адам менен бир маршруткада Балыкчы шаарына чейин барганын айткан. Себеби маршруткадагы жүргүнчүлөрдүн Ысык-Көлдө каттоосу жок болгондуктан ал жердеги санитардык-карантиндик посттон артка кайтарылган. Мындан улам алар андан ары Түп районуна такси менен кетишкен. Ошентип Делиден келген эки киши түнкү саат 3.00дө үйүнө жеткен.

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги буста бул эки адам менен чогуу болгон жарандарга кайрылып, тезинен анализ тапшырууга чакырды.

"Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары, сиздерди жарандык жоопкерчилигиңиздерди көрсөтүүгө чакырабыз. Видеодо көрсөтүлгөн жаран менен Бишкектен Балыкчыга чейин буста 24-март күнү болжол менен саат 18:00дөн 23:00гө чейинки аралыкта келгендер болсо, тезинен жашаган жериңиздеги үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылыңыздар. Андан соң анализ тапшырууга чакырабыз. Кайрылган жарандардын аты-жөнү сыр боюнча сакталарына кепилдик берилет", — деп жазылат кайрылууда.

Маршрутканын калган 12 жүргүнчүсү жана бусиктин айдоочусу кайда экени белгисиз. Бул боюнча Республикалык штаб азырынча жооп бере элек.

Ал эми коронавирус жуктуруп алган эки адамды Түпкө чейин алып барган такси айдоочусу жана анын үй-бүлөсү обсервацияга жаткырылган. Эки бейтаптын да жакындары карантинге алынганы айтылды.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Бүгүн, 1-апрелде, Ысык-Көл облусунун Түп районунун айылдарынын бири толугу менен изоляцияга алынды. Буга ал айылдын чет өлкөдөн келген сегиз тургуну үй карантинин сактабай койгону себеп болду. Алар учурда обсервацияда.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0