Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кочкоров: акчанын бөлүштүрүлүшү боюнча отчет берүү жолдорун карап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров эл арасынан көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн эки  депозиттик эсеп иштеп жатканын айтты.
Кочкоров: акчанын бөлүштүрүлүшү боюнча отчет берүү жолдорун карап жатабыз

Коомчулук кимге жардам бергенибизди жарыялап турууну суранууда. Ошол эле учурда жардам алган жарандарды ыңгайсыз абалга калтырбайлы деп фото, видеого тарткан жокпуз. Бул тууралуу Улукбек Кочкоров 7-апрелде өткөн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жардам берүүгө каражат топтоо максатында эки депозиттик эсеп ачылган.

"Бүгүнкү күндө эки депозиттик эсеп бар. Биринчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында. Ага азык-түлүк, гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталган акчалар келип түшүүдө. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы эсепке бул багыттагы муктаждыктарды жабуу үчүн багытталган каражат которулууда. Коомчулук тарабынан "көмөк көрсөтүп жатабыз деп айтасыңар, а бирок алардын тизмеси жок, ким алып жатканын көрсөткүлө" деген сыяктуу кептер айтылууда. Негизи биз кимдерге жардам көрсөтүлгөнүн тизмектеп, министрликтин сайтына жарыялап койсокпу деген ой болгон. Бирок ал жакта персоналдык маалыматтар болгондуктан мыйзам жол бербейт. Андан тышкары, жардам алган жарандарды ыңгайсыз абалга калтырбайлы дедик. Бирок жарандардын берген каражатынын отчетун дагы бериш керек. Учурда бул маселе боюнча иштеп, жолдорун издеп жатабыз. Абал бир жаңсыл болгондо коомчулуктан комиссия түзүү жолдору дагы каралууда", — деди Кочкоров.

Министр эки депозиттик эсеп боюнча комиссия түзүлүп, иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0