Дааватка баргандарын айтпай койгон. Нарындан чыккан COVID-19

© AFP / ABDEL GHANI BASHIRКаабаны айланып жаткан мусулмандар. Архив
Каабаны айланып жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башы районунан илдетке чалдыккандар 20-21-март күндөрү Ош жана Баткен облустарында дааватта болуп келишкен.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Нарын облусунда бүгүн, 8-апрелде, коронавирустун жаңы беш учуру катталган. Булардын төртөө дааваттан келсе, бир жаран дааваттан келген агасынан жуктуруп алган. Бул тууралуу аталган облустук штабдан кабарлашты.

"Ат-Башы районунан илдетке чалдыккандар 20-21-март күндөрү Ош жана Баткен облустарында дааватта болуп келишкен, бирок бул тууралуу эч кимге айтышкан эмес. Жергиликтүү тургундардын айтуусу менен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан дааватта болуп келгени аныкталып, эки жаран тең 29-мартта обсервацияга жаткырылып, биринчи анализдери таза чыккан. Экинчи анализинен COVID-19 аныкталган", — деп билдиришти облустук штабдан.

Дело жазуусу менен папка столдун үстүндө. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Нарын: үй-бүлөсү менен дарылануудан баш тарткан дааватчыга иш козголду
Алар менен жакын байланышта болгон 21 адам изоляцияга, 63 адам үй карантинине алынган.

Ал эми Жумгал районундагы илдетке кабылган эки жаран 15-мартта Индиядан дааваттан келсе, Кочкор районундагы кыз Пакистандан дааваттан келген агасына Бишкек шаарына учурашканы барып жуктуруп алган.

Индиядан келген адамдар үч күн Бишкек шаарында обсервацияда болуп, Жумгалга келери менен ооруканага жаткырылган. Эч ким менен байланышта болгон эмес.

Бүгүнкү күнү дааватта болуп келген облус аймагындагы адамдардын бардыгынын тизмеси такталып, изоляцияга жаткырылган.

Кыргызстанга жайылган коронавирус

Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри эки орун басары жок иштеп жатат
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0