Казахстан Республикасынын президентинин Акорда резиденциясы - Sputnik Кыргызстан

Казакстан өзгөчө кырдаал режимине өттү. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Ушу тапта Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны тогузга жетти. Арасында 12 жаштагы кыз бар. Ал эми өзгөчө кырдаал режими бир айга чейин созулмакчы.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Бүгүн башталган режим бир айга чейин созулат.

Коңшу өлкөдө эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билсеңиздер болот.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:56 16.03.2020

Өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин Алматынын көчөлөрүндө эл кадимкидей азайып, коомдук тамактануу жайларына баргандар тартыла түштү. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Ал эми Токаев бүгүнкү кайрылуусунда Нооруз майрамдалбастыгын айтты.

Театрлар, кинотеатрлар, китепкана, музейлер, мектеп, ЖОЖдор жабылганы менен мамлекеттик кээ бир бала бакчалардын тайпалары иштеп жатат.

13:53 16.03.2020

12 жаштагы кыз ата-энеси менен Германиядан Алматы шаарына келген. Учактын ичинде экипажды кошкондо 12 киши болгон.
“Кыз учурда Балдардын инфекциялык ооруканасынын атайын бөлүмүндө, абалы канаттандырарлык. Борттогу 12 киши, анын ичинде учкучтар кошо изоляцияда, анализдер алынды”, — деген маалымат айтылды.

13:42 16.03.2020

Элчиликтин консулдук бөлүмү жарандарды жеке кабыл алууну токтотту. Эгерде кандайдыр бир чукул кырдаал жаралып калса деп байланыш телефондору жарыялады.

Чукул кырдаалдар болуп кетсе, 8 (708) 880-05-31 телефондоруна чалып, нөөмөттөгү дипломат менен байланышууга болору айтылган.

12:48 16.03.2020

Нур-Султан шаарында доллар сатуу токтотулду. Ал эми Алматы калаасында чет элдик валютаны бир нече гана акча алмаштыруу жайларынан алса болот.

Ал эми саналуу сааттарда эле доллардын наркы 40 теңгеге өсүп кеткендигин Sputnik Казакстан билдирди.

12:43 16.03.2020

Нур-Султан калаасынын акимчили жергиликтүү уюмдардын кызматкерлерин үйдөн иштөөнү сунуштады. Бул коопсуздук чараларынын бири катарында айтылды.

12:42 16.03.2020

Тыйын чычкандын элесин берген артобъектиге бет кап кийгизип коюшту. Анда "Birge" деген хэштеги бар жазуу турат.
Маалыматта бул шаардыктарга өздүк гигиенаны сактоону эстен чыгарбоону эскертип турат.

12:21 16.03.2020

Казакстандагы коронавируска каршы иш алып барган штабдын Алматыдагы өкүлчүлүгү карантинде кармалган адамдар кезигип, байланышта болгон адамдарды жашырып жатканын айтты.

Алматы акимчилиги ооруканага жаткандан баш тартып жана байланышта болгон адамдарды жашыргандар көбөйө баштагандыгын билдирип, алардын жоопкерчилигин эскертти. Бул боюнча мыйзам чегинде чара көрүү каралгандыгын кошумчалашты.

12:14 16.03.2020

Белгилүү ырчы Димаш Кудайбергендин "Arnau" деп аталган дүйнөлүк турнеси (концерти) кийинкиге жылдырылды.

“Коронавирус инфекциясынан улам Прага, Гамбург, Дюссельдорф, Штутгарт жана Минскиде болуучу концерттер токтотулуп, бир катарлары кийинкиге жылдырылды. Алардын датасы кабыл ала турган тараптар менен сүйлөшкөндөн соң кийинчирээк белгилүү болот”, - деп жазган Димаш Кудайберген Instagram баракчасына.

Аткаруучу “мындай кыйын кырдаалда ден соолукту карап жана коопсуздук чараларын көрүү керектигин” айткан.

https://www.instagram.com/p/B9wrxtUHgNe/?utm_source=ig_web_copy_link
11:53 16.03.2020

Казакстандын Соода министрлигинин сунушу:

Санитардык чараларды күчөтүү менен ири соода жайларынын ишин 10дон 18:00гө чейин чектөө;

Анын аймагындагы кинотеатрлар, балдар борборлору жана көңүл ачуучу жайларды жабуу;

Ал эми азык-түлүк саткан дүкөндөр жана базарлар адаттагы тартипте иштейт, бирок санитардык жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү шарт;

Нан жана кондитердик азыктар ачык эмес, таңгакталып, баштыкка салынып сатылышы зарыл.

11:40 16.03.2020

Казакстан өкмөтү жыйындарын журналисттерди катыштырбай өткөрө турган болду. Мындай тартип чукул кырдаал режими бүткөнчө уланары айтылды.
Жыйын primeminister.kz жана башка бир катар расмий аккаунттарда онлайн берилип турат дешти.

11:33 16.03.2020

Буга чейин айтылган тогуз киши бойдон турат. 1 641 адам карантинде, 981 адам үй карантининде.

Ал эми категориялар боюнча мониторингге 2 626 киши алынган. Аларды ичинен 1 "а" категориясы боюнча – 1 689 киши, 1 "б" категориясы боюнча – 586, ал эми 2-категория боюнча 351 киши.

2 626 адамдын ичинен 503 киши мониторингден алынган.

16-мартка карата мониторингге алынгандардын саны 2 123 адам.

Учурда сасык тумоо менен дене табы көтөрүлүп, ооруканага 129 жаран жаткырылган. Алардын ичинен 1 "б" категориясында – 39, 2-категорияда – 43, ал эми 3-категорияда – 47 адам бар экендиги айтылды.

Жаткырылгандардын арасынан 65и үйүнө чыгарылган. Стационарда 73 адам бар. 64үнүн дене табы көтөрүлүп, сасык тумоого кабылган. 9у коронвирус жуктуруп алып жаткырылган.

10:58 16.03.2020

Чукул кырдаал (ЧК) убактылуу кирген тартип. Ал жарандардын коопсуздугун жана Казакстан Республикасынын констутицяилык түзүмүн сактоо үчүн киргизилет.
ЧК — жарандардын укугу менен эркиндигине кээ бир чеrтөөлөрдү киргизе алган мамлекеттик органдарынын, уюмдардын өзгөчө укуктук тартиби. Аларга кошумча милдеттер жүктөлгөн чет элдиктер же жарандыгы жоктор, аны менен катар эле юридикалык тараптар да кирип калат.

10:49 16.03.2020

Россия менен чек арада киши киргизилбей турганы маалымдалды. Калктын казак-орус мамлекеттик чек арасындагы каттоосу токтотулду. Бир гана учурда — жарандарга тез жардам керек болгондо өткөрүлө турганы айтылды.

10:28 16.03.2020

Ушу тапта коронавирус жуктуруп алгандардын жетөө Алматы шаарында болсо, экөө Нур-Султанда. Бейтаптар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө экени айтылууда.

10:27 16.03.2020

Кечээ Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадан жүк ташуу токтобой турганын айтышкан.

10:14 16.03.2020

Азыркы тапта коронавирус жуктуруп алгандардын саны аталган өлкөдө 9га жетти. Алардын арасында 12 жаштагы кыз бар.

10:12 16.03.2020

Казакстандын президенти коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн 15-март күнү өзгөчө кырдаал жарыялады. Мында бир катар чектөөлөр киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0