Бүгүн ошол мурас жана анын жаралышына себеп болгон инсан тууралуу 10 факт сунуштайбыз.
Башкырт урууларынын бир тобу Коркут атаны "кубыз аспабын ойлоп тапкан йырау (төкмө), ал биздин уруунун башчысы болгон жана чыгарма ошол киши тууралуу" деп айтышат. Казактар да, кыргыздар да, дагы башка, башка түрк уруулары да бул киши менен тарыхый тамырын түздөн-түз байланыштуу карашат.
Ал жашаган доор. Коркут — баят уруусунан чыккан Кара Кожо дегендин уулу. Болжолу IV-VI кылымдардын чегинде азыркы Сыр-Дарыянын Арал көлүнө куйган жакынкы алабында жарык дүйнөгө келген жана ал бир нече өкүмдардын даанышманы (кеңешчиси) болгон.
Коркут атанын китепке айланышы. Коркут жашаган болжолу IV-VI кылымдагы окуя-баяндар көп доорлор бою эл арасында оозеки айтылып келип, кийин гана, болжолу IX-XV кылымдар аралыгында жазууга түшүп, "Китеби деде Коркуд" деген ат менен тараган. Ал китеп ар түрдүү урууларда бир аз башкача аталыштарга ээ болгонун да байкайбыз (азербайжанча – "Kitabi Dədə Qorqud", анадолулук түркчө – "Dede Korkut Kitabı", түркмөнчө – "Gorkut-ata", казакча – "Қорқыт ата кітабы", кыргызча – "Коркут ата китеби" ж.б.).
Коркут ата тууралуу маалыматтар бизге үч түрдүү жол менен жетти: биринчиси, Коркут ата тууралуу аңыздар, уламыштар; экинчиси, ар түрдүү санжыралар; үчүнчүсү, "Коркут ата китеби" деген жазма эстелик.
Ал тууралуу көптөр айтып келет. Кыргыз макал-ылакаптарында, санжыраларында Кормуш, Кырмыш деп айтылган учурлар кездешет. Алишер Навои, Ахмед Йассави, Абулгази, Рашид-ад-Дин эмгектеринде, чыгармаларында ал тууралуу айткан жерлер бар. Ал эми кыргыз акыны Арстанбек "Коркут ата даанышман, кутулам деп өлүмдөн, төрт тарапты кыдырган, Сырдын боюн сыдырган, кырдын башын кыдырган, андан да айла болбогон, акыры ажал сомдогон" деп ырдаган. Аалы Токомбаев да "Кандуу жылдар" романынын "Куу баш" деген бөлүмүндө бул ысымды айтып өтөт.
Китептин бизге жетиши. "Коркут ата китеби" бизге эки вариантта жетти, бири Дрезденден табылган, ал 12 бөлүмдөн турат, экинчиси Ватикандан табылган, ал 6 бөлүмдөн турат. Эки нуска тең түп нуска эмес, кийин көчүрүлгөн. "Чынында эле VII-VIII кылымдарда Сыр-Дарыя бойлорун мекендеген огуз-кыпчак урууларынын турмушунан жаралып, көптөгөн жылдар бою урпактан-урпакка калтырылып, руханий бай казына катары бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн адабий, тарыхый, этнографиялык маанисин жоготпой жеткен бул чыгарма кыргыздарга да тиешелүү экендигинде шек жок" жана ал "баалуу эски кол жазма азыркы түрк элдеринин оозеки чыгармаларынын көпчүлүгүнө башат болгон" (И.Абдувалиев Кириш сөз / Коркут ата китеби: түрк элдеринин байыркы дастаны. – Б.: 2004. – 4-б.).
Коркут атанын таалим-тарбиялык насааттарынан:
Адам баласы кербен сыяктуу: токтоду, көчтү да кетти.
Ажал жетмей өлмөк жок.
Өлгөн жан кайра тирилбейт, чыккан жан кайра келбейт.
Жигиттин Кара-Тоодо толгон-токой малы болсо,
Жыйып-тапкан насибинен ашыкчасын
Ар бир пенде аш кыла албас.
Шаркыраган суулар ташып, деңиз болбос.
Кулан кудукка түшсө, курбака кулагында ойнойт.
Көкүрөгү бийик эрде акыл болбос.
Уулдун күнү күн эмес – атадан мал калбаса,
Ата малы пул эмес – башта акыл болбосо.
Көңүлү чөккөн эрде дөөлөт болбос.
Жат уулду канча баксаң, уул болбос,
Чоңойгондо кетип калар, бакканыңды билдим дебес...
Күл дөбө болбос, күйөө уул болбос,
Кара эшектин башына жүгөн катсаң, качыр болбос.
Карабашка тон кийгизсең да катын болбос.
Күңгө кымкап жапсаң да ханайым болбос.
Жаба-жаба карлар жааса, жазга калбас
Жалбырактуу жашыл гүлдөр күзгө калбас.
Эски пахта бөз болбос.
Карт душман дос болбос.
Уул — атанын сыры, эки көзүнүн нуру.
Кыз энеден үйрөнбөй өнүгө албас,
Уул атадан үйрөнбөй сапар чекпес.
Аял төрт түрдүү болот. Анын бири – ниети бузук аял, экинчиси – нысапсыз аял, үчүнчүсү – үйдүн куту болгон аял, төртүнчүсү – кесир аял. Аял бүткөндүн эң жаманы ошол ж.б.
Түрк өнөрпоздору пир туткан. Казактарда мындай бир элдик ыр айтылып келет:
Жыраудын үлкөн пири – Коркут ата,
Бата алган бардык акын ашкан ата.
Таң калып журттун баары турар экен,
Кобыз менен Коркут ата күү тартканда.
Дал ушул ырдагыдай Коркут ата акындыктын пири, күүнүн атасы, устаты катары эчен-эчен муунду өнөрпоз кылып тарбиялоого салымын кошуп келген.
Күмбөз тургузулган. Коркут атага арналып болжолу XI кылымда азыркы Казакстанга караган Кызыл-Ордо аймагынын Кармакчы ооданынын Жосалы деген жерине күмбөз салынган. Ал Сыр-Дарыянын жээгинде болгону үчүн бир жолку суу ташкында кыйла жабыркайт. 1980-жылы ошол жерге эскерткич (обелиск) орнотулуп, андан сыйкырдуу кобыз күүсү угулуп турат дешет.
Кыргызча да которулган. Арабаев атындагы КМУнун профессору И.Абдувалиев жана анын аспиранттары Т.Абылкасымова, Г.Сатимкулова "Коркут ата китебин" 2004-жылы кыргызча китеп түрүндө чыгарган.