Чыгарма кыргыз совет адабиятынын мактанычы гана эмес, ошол кездеги жалпы союздук адабияттын да көрүнүктүү эмгеги болгон.
Биз бүгүн Узакбай Абдукаимовдун ошол "Майдан" романы тууралуу 11 факт сунуштайбыз.
Чыгарманын жазылыш тарыхы. Узакбай Абдукаимов көбүнчө окуу китептерин жазуу, котормочулук, басма иштери менен алектенип жүрүп, көркөм чыгармачылыкта өзүн толук көрсөтө албай келген. Акыры орто жашка барганда оригиналдуу, көлөмдүү чыгарма жазып, аны "Майдан" деп атады. Романдын айрым үзүндүлөрү алгач "Ала-Тоо" журналына басылып, биринчи китеби 1961-жылы жарыкка чыкты. Жазуучу 1963-жылы каза болуп, экинчи китеби биринчисинен беш жылдан кийин, 1966-жылы араң жарыяланды.
Катуу сынга кабылган. Бул чыгарма тууралуу Аалы Токомбаевдин "Майдан" романы жөнүндө учкай сөз" деген макаласы Кыргызстан КП БКнын органы болгон "Советтик Кыргызстан" гезитинин 1962-жылдын 11-мартындагы санына басылып чыккан. Анда бул чыгармага "социалисттик методду четке каккан", "чындыкты тескери бурмалап көрсөткөн", "автордун саясий, адабий позициясы жок", "партиянын жетекчи жана уюштуруучу ролдору таптакыр эске алынбаган", "согуш күндөрүндөгү эбегейсиз эмгек, патриотизм, элдердин бирдиги менен достугу, аракеттери көмүскөдө калган" деген сыяктуу ал кез үчүн өтө коркунучтуу айыптар тагылган.
Токомбаевдин макаласынан кийин роман Жазуучулар союзунда талкууланган. Ал кезде төрага Токтоболот Абдумомунов, секретарлары Шүкүрбек Бейшеналиев жана Сүйүнбай Эралиев эле. Үчөөнүн кабинеттеринде кимдин кандай сүйлөрү белгиленип, 22 киши сөз алган. Сооронбай Жусуев, Темиркул Үмөталиев, Молдогазы Токобаев, Чыңгыз Айтматов сүйлөгөндөн кийин ошол кездеги мыкты сынчы аталып жүргөн Шаршенбек Үмөталиев чыгарманы аябай сындап таштаган, адабиятчы Өмүркул Жакишов менен акын Кубанычбек Маликов, жазуучу Насирдин Байтемиров да жакшы пикир айткан эмес. Романды көкөлөтө мактагандар жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов жана жаш сынчы Камбаралы Бобулов болгон. Алар жана алардын талапташтары чыгарманы жана анын авторун колдоп, кубаттап, роман улуттук адабияттагы жаңы көрүнүш, жаңы бийиктик, новаторлук экендигин айтып чыккан.
Абдукаимов "Майдан" талкуусунун материалдарын өзү орус тилине которуп, Москвага жиберет.
Ала-Тоо аймагынан азап менен аттанып чыккан. Роман 1972-жылы орус тилинде В.Рослякованын котормосунда Москвадан "Фронт" деген ат менен чыгып, баш сөзүн Чыңгыз Айтматов жазган. 1984-жылы украин тилине которулуп, китеп болуп чыккан да, жалпы союздук адабият таануу тармагында кыргыз адабиятынын ийгилиги катары бааланган.
Романдын автору советтик аскер кызматкери болгон. Автор өзү согушка катышкан, болгондо да офицер, б.а, кенже лейтенант катары кызмат өтөгөн, уруш арасында бошой калганда күндөлүк жазып, катаал күндөрдүн хроникасын "ысыгында", кагазга түшүрүп келген, ошон үчүн да бул романда ок менен от учкан Москванын жана Сталинграддын алдындагы согуш окуялары, "окоптук чындыктын" реалдуу көрүнүштөрү турмуштагыдай ишенимдүү чагылдырган. А түгүл советтик аскер башчыларынын согуштун стратегиялык-тактикалык жүрүшүн алып баруудагы оң жактары жана кемчилдиктери анализденген учурлары да кездешет. Мында автордун ой жүгүртүүсү омоктуу жана ишенимдүү.
Психологиялык романдын мыкты үлгүсү. "Майдан" романы кыргыз прозасындагы психологиялык роман деп айтабыз, бул жагынан анын адабияттагы орду өзгөчө белгиленет. Буга каармандын ички психологиялык толгонуулары, ой жүгүртүүлөрү, кыялдануусу, кайгы-капалары терең ачып көрсөтүлөт. "Абдукаимовдун романы, мейли майдан, мейли оорукта, мейли бейпил турмуштабы, айтор, адамдын жан дүйнөсүн, инсан катары сырткы чөйрөгө болгон мамилесин психологиялык жактан терең изилдегендиги менен кыргыз адабиятынын жаңы башатынан кабар берет", — деп жазат Айтматов. Согушту баштаган да, бири менен бири согушкан да адам, ошол согуш ошол адамдын өмүрүн драмалаштырып, трагедияга алып келет, адамды бүлөп курчутат да, жок кылып мокотот. Ушундай философиялык ойлор чыгармадагы каармандардын жашоосу менен бекем чырмалышат. Автор жеңүүчү советтик аскердин көнүмүш болуп калган, схемага түшкөн образынан оолактап, ошол образдын татаалдыгын, ошол жеңиштин түз жол менен келбегенин көркөм бейнелердин диалектикалык өсүүсүндө чагылдырат.
Ушул эле жерден башка бир каарман Качыке алдыңкы планга чыгат. Жашоодо иши жүрүшпөй, жоош, эрксиз жүргөн бул каарман согуш майданында башкача кырынан, башкача аспектисинин чыга келет. Ал өтө мекенчил, гуманист, адамдык сапаттары жогору, терең жана татаал каарман катары романдын салмагын көтөрөт. Ага себеп: Кыргызстандан ал жактагы адамдардан миңдеген чакырым алыста калышы; уруш учурундагы адамдар, Козлов, Сидельников сыяктуу каармандар менен мамилеси; өлүм менен күн сайын эмес, саат, мүнөт сайын бетме-бет турушу ж.б. Автор эки Качыкени катар коюп карайт: биринчиси — мылтык атууну да, өзүн эптеп алып жүрүүнү да билбеген, бир кездеги илимий кызматкер, жубайы Чынарканга жеңилип берген, аялы менен ажырашканы үчүн коомдук уюмдардын кароосунан коркуп мажирөө болуп калган Качыке; экинчиси — согуштан курчуп, бышып, жетилген, жашоонун маңызы, өмүр жана өлүм жөнүндө ой жүгүрткөн даанышман, интеллигент Качыке. Бул образ — кыргыз адабиятындагы ар тараптуу, терең жана психологиялык жактан ишенимдүү ачылган образдардын алдыңкы сабында турууга татыктуу образдардын бири.
Бермет, Апсамат, Мырзабек, Чынаркан, Саадат, Шарапат сыяктуу каармандар ар кимиси өз-өз жүзү, адам катары артыкчылыктары жана өзүнчөлүктөрү менен көрүнөт. Булардын образын автор ар түрдүү кырдаалдарда ар кыл деталдар, штрихтер менен ачып берет.
Татаал сюжеттик-композициялык түзүм. Чыгарманын композициялык түзүлүшүндө да каармандардын каттары, кыялдануулары, өткөн күндөргө кайрып барган ретроспекция, автордук баяндоо, каармандарга мүнөздөмө, диалогдор, ички монологдор улам бири менен бири алмашып келип романдын бир өзөгүнө биригет. Бул татаалдыгы жагынан да "Майдан" кыргыз романистикасында өзгөчө бөлүнүп турат.