Элдин, жан-жаныбарлардын муңун айтып келгени ушул күнгө чейин ырчыларга, акындарга, жалпы эле адамдарга өрнөк болуп келет.
Биз бүгүн ошол ырчы жана ойчул тууралуу 10 факт сунуштайбыз.
Түрк элдеринин орток мурасы. Асан Кайгынын чыгармалары түрк элдеринин бир тобуна: кыргыздарга, казактарга, ногойлорго, каракалпактарга тараган. Ал Жээренче чечен, Толубай сынчы, Алдар Көсө, Акыл Карачач, Токтогул ырчы менен замандаш болгон деп айтылат. Өмүрүнө ар кыл элдеги булактар түрдүү маалымат берет.
Казак аалымдарынын пикири. Казактар Асан Кайгынын чын аты Хасан Сабит уулу деп, анын 1361-1370-жылдарда Эдил (Волга) боюнда жашап турганын, бирок качан туулуп, качан каза болгону дайынсыз экендигин айтышат. Жашаган мезгили XV кылым, 1460-жылдар дегендер да бар. Казак хандары Керейдин, Жаныбектин увазири болгону да айтылат. Чыгармаларын жана жашаган доорун фольклорчулар Чокон Валиханов, Григорий Потанин, акын-жазуучулар Жусуп Копеев, Сакен Сейфуллин, Мухтар Ауэзов изилдеген. "Талаа көчмөндөрүнүн улуу ойчулу" деп Валиханов аны жогору баалаган.
Күңгүрөнүп ырдаганы айтылат. Бул ырчы чыгармаларын эч кандай музыкалык аспап менен коштобой эле күңгүрөнүп ырдачу деген кеп калган. Мындай күңгүрөнүү азыркы алтай, саха ж.б. Сибирь жактагы элдерде сакталган. Асан Кайгынын ырлары ооздон оозго көчүп айтылып келген.
Кейикчилдигинен Кайгы деген ылакап кошо айтылат. Бир жылы жайдын күнү мөндүр, кара жаан жаап, мал, жан-жаныбар бүт кырылып кала турган болгондо минтип ырдаган экен:
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Кылган камы жок,
Алган даны жок,
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок,
Көзү башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук
Ташбака байкуш кантти экен?
Элде айтылган эстелик сөз. Асан деген өз ысымына "Кайгы" деген ылакап ат кошулуп айтылышы эле анын кандай позицияда тургандыгын көрсөтсө, азырга чейин санаачыл кишилерди кыргыздар "асан кайгы" деп айтып жүргөнү ал адамдын элдик киши болуп кеткенин тастыктайт.
Санат ырлары да сакталып калган. Биз Асан Кайгыны жалаң эле жан-жаныбарларды аяп, аларга боор ооруган, кейиген ырларды чыгарган акын болгон десек, анын чыгармачылыгын бир жактуу түшүнгөн болобуз. Ал — элдик педагогикалык салттарды жыйынтыктап, орто кылымдардагы оң идеалдарды алдыга чыгарып, ошолор аркылуу жакшы деген кандай болушу керектигин, жаман деген кандай болушу керектигин дидактикалык ырлары аркылуу ачып берет. Мисалы, айрым санат ырларынан кыска-кыска саптарды окуп көрөлү:
Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт.
***
Бай мактанса – бир жуттук,
Баатыр мактанса – бир октук.
***
Көлдө жүргөн коңур каз,
Кыр кадырын не билсин.
Кырда жүргөн тоодактар
Суу кадырын не билсин.
Айылдагы жамандар
Эл кадырын не билсин.
Көчүп-конуп көрбөгөн
Жер кадырын не билсин.
Көчсө, коно билбеген,
Консо, көчө билбеген,
Акылыңа көнбөгөн,
Журт кадырын не билсин.
***
Өлө турган тай үчүн,
Көчө турган сай үчүн,
Желке териң курушуп,
Ар ким менен урушпа.
Кыргыз жерлерине олуялык менен баа берген. Уламыш боюнча ал Жаныбек ханды сындап катуу ырдап, Желмаян төөсүнө минип, Жер-Уюк деген бейиштей бейпил жерди издеп, каракалпак, казак, ногой эл-жерин кыдырып чыгат, ал жактан өзү күткөндөй тынч жер таба албайт. Анан Сары-Өзөн-Чүйгө келет да, "Чүй жериңден чуу кетпес, канча эрдин башын жутар экенсиң" деп баа берип, Кочкорго өтөт, ал жерге "Кочкор эмес, кокуй экен, тогуз жолдун тоому экен, бөрү койдун чаркы экен, ууру, бөрү көп болот" деп токтобой, ары Нарын, Жумгал, Тогуз-Торо, Ат-Башы, Ак-Сайга кетет, ар бир жерге мүнөздөмө берет. Ал жактар да жакпайт. Сөөгү Ысык-Көлгө коюлган. Акын Ысык-Көлгө келгенде "кош ообас, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер экен, эли ток болот, бирок көз арткандар көп болот" деп ошол жерди жактырып, сөөгүн көлдүн адам буту жетпес аралдарынын бирине көмүүгө осуят калтырыптыр деп айтылат.