КамАЗ айдаган мас киши милиционерлерди аткылап... 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОтправка гуманитарного конвоя на Украину
Отправка гуманитарного конвоя на Украину - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө өзүнүн улуттук валютасына ээ болуп, базар экономикасы кайнап турган учурда республика аймагында бир топ чуулуу кылмыштар катталган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги гезит беттерин барактап, 25 жыл мурун февраль айында катталган кылмыштарды тизмектеди.

Окуучуну бычактаган

Случаи нападения с ножом на человека - Sputnik Кыргызстан
Келинчегин жамандаган досун бычактап салган. Январдагы соттук чечимдер
Буга чейин бир тууганын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн айыпталуучу 11 жылга эркинен ажыратылган. Кийин амнистия берилип, ал боштондукка чыгып да жөн жүрө алган эмес. Шектүү шаардын четинде эки окуучуга кол салган. Алардын бири кылмышкерден качканга үлгүрсө, экинчиси анын курмандыгына айланган. Эргул ээн талаада тогуз жаштагы окуучуну моюнга, төшкө, далысына бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Сот ал зөөкүрдү өлүм жазасына тартты.

Бишкектеги атышуу

48 жаштагы бишкектик тургун мас болуп алып борбор калаанын көчөлөрүндө жүк ташуучу КамАЗ менен милиция кызматкерлерине ок чыгарган. Ал укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөнгө чейин эки жеңил унааны сүзүп, бир нече адамга оор жаракат келтирген. Бул кылыгы менен көпкө чейин шаардыктардын эсинде калган.

Өлтүрүлгөн ишкер жана анын аялы

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктады делген адамга сот чечим чыгарды
Адам өлтүрүүгө баргандар кол салган түгөйлөрдү жакшы билип, аларга көптөн бери көз салып жүргөн. Каргаша болгон күнү ишкер келинчеги менен мейманга барып, кечинде өз үйүнө келип, айдоочуусун эртең менен кечикпей кел деп узатып жиберген. Ошол бойдон ал эки күн дайынсыз болуп, достору, жакындары, өнөктөштөрү да издеп таба алган эмес. Кылмышкерлер ишкерди, анын аялын өз үйүндө муунтуп өлтүрүп, ири суммадагы акчасын алып, үйдү бекитип качып кетип калган.

Үч өлкөнү куруткан кылмышкер

Буга чейин жети жолу соттолгон казакстандык жаран жаңы эркиндикке чыгып, Бишкек шаарынан бир аялды бычактап өлтүрүп, бир ишкердин үйүн тоногон. Аны менен гана токтоп калбастан, өзүнүн кылмыштуу аракеттерин Россия, Казакстандын шаарларында улантып, соңунда Кыргызстанда колго түшкөн. Жергиликтүү фемида өкүлдөрү аны 14 жыл төрт айга темир тор артында калтырды.

Погончон кылмышкерлер

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ызаланып кеттим! ЦУМда кардарды сабап өлтүргөн жигитке соттун өкүмү чыкты
Милициялык окуу жайда окуган төрт курсант кечкисин курал көтөрүп чыгып күйүүчү май ташыган айдоочуларды тоноп келген. Погончон жаш кылмышкерлер Калашников автоматы менен унаа ээлерин коркутуп, акча алып турган. Прокуратура жалпы 11 опузалоону аныктап, сот айыпталуучуларды төрт жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыраткан.

Төртөөлөп кызды зордуктаган

Борбор калаада 20 жаштагы кызды колунда барлардын төрт уулу зордуктап, колго түшкөн. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуядан кийин прокуратура кызматкерлеринин алдына ишти аягына чыгаруу тапшырмасы коюлган. Бирок сот аларды мыйзам боюнча 15 жылга чейин эркинен ажыратуусу керек болсо, фемида өкүлдөрү алардын ар бирин беш жылдан темир тор артында калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0