00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Алтай как мост между Сибирью и Центральной Азией — представители региона о молодёжной дипломатии
14:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ПЭЭФ-2026: Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөт
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Речевое развитие ребёнка - логопед о нормах, тревожных сигналах и времени для обращения к врачу
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кооперациялар менен иштешүүсү зарыл
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День открытых дверей, именные стипендии и новые направления учебы — интервью с ректором КРСУ
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
13 мин
Кеменгер
Күлкү күнүнө карата: абалың кандай сатира?
19:14
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
В КР хотят снова разрешить кальяны: кто и зачем лоббирует возврат кальянов в кафе?
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ПЭЭФ-2026: Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөт
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Окумуштуулар: балдар коронавируска көп кабыла бербейт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТуристы в аэропорту Владивостока
Туристы в аэропорту Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, учурда илдетке кабылгандардын орточо курагы 59 жаш. Алардын 56 пайызы эркектер болуп саналат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Окумуштуулар Кытайда тарап жаткан коронавирустун жаңы түрүнүн эпидемиологиялык мүнөздөмөсүн анализдеп чыгып, ооругандардын арасында балдар дээрлик жок экендигин аныкташты. Анализдин жыйынтыгын РИА Новости жазды. 

Кытайлык окумуштуулар Уханда коронавирустун 2019-nCoV түрү менен жабыркаган биринчи 425 бейтап тууралуу маалымат топтошкон. Алар илдеттин пайда болушу, жугушу, формалары жана башка аки-чүкүсүн изилдешкен. Топтолгон маалыматтар борбордук базага киргизилип, атайын программанын жардамы менен иштелип чыккан.

Ага ылайык, бейтаптардын 95 пайызында оорунун белгилери 12 күндөн кийин пайда болгон. Ал эми орточо инкубациялык убакыт 5,2 күндү түзгөн. Алгачкы баскычтарда илдетке кабылгандардын саны тездик менен өсүп, андан кийин жайлап баштаган.

Официальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
Кызыгы, Уханда оорулуулардын арасында 15 жашка чейинки бир да бала болгон эмес. Адистердин айтымында, бул дартка балдар азыраак чалдыгат дегенди билдирет же аларда симптомдор чоңдорго салыштырмалуу жеңил түрдө болот. Учурда илдетке кабылгандардын орточо курагы 59 жаш. Алардын 56 пайызы эркектер болуп саналат.

2019-жылы декабрда пайда болгон коронавирус 500дөн ашык кишинин өмүрүн алып, андан жабыркагандардын саны 24 миңге жетти. Балдар илдетке кабылган учур сейрек кездешет. Алсак, Пекинде тогуз айлык кыз, Шэньчжэн менен Германияда бирден наристе жана Уханда жаңы төрөлгөн ымыркай ооруган. Себеби алардын ата-энеси вирусту жуктуруп алган.

Натыйжада адистер коронавируска чоң кишилер көбүрөөк чалдыгат деген пикирге келишкен. Алар аталган вирустун башка түрлөрүндө (типсиз пневмония, жакынкы чыгыш синдрому) да балдар азыраак ооруй турганын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0