https://sputnik.kg/20200205/kenzhebek-bokoev-zhyjyn-az-deputat-1046976903.html
Бокоев жыйынга аз депутат келгени үчүн Абылгазиевди айыптады. Видео
Бокоев жыйынга аз депутат келгени үчүн Абылгазиевди айыптады. Видео
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүнкү жыйынга аз сандагы депутаттардын келишин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кадыр-баркы менен... 05.02.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-02-05T16:05+0600
2020-02-05T16:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104697/68/1046976862_0:0:1901:1075_1920x0_80_0_0_c21f7d57fd8ab5998373239cfba4b71d.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104697/68/1046976862_0:0:1825:1147_1920x0_80_0_0_107ce56b18126c1b8b4921f189c9f07a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, видео, мультимедиа, экономика, саясат, кенжебек бокоев, мухаммедкалый абылгазиев
жаңылыктар, кыргызстан, видео, мультимедиа, экономика, саясат, кенжебек бокоев, мухаммедкалый абылгазиев
Бокоев жыйынга аз депутат келгени үчүн Абылгазиевди айыптады. Видео
16:05 05.02.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүнкү жыйынга аз сандагы депутаттардын келишин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кадыр-баркы менен байланыштырды.
Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары Эркин Асрандиевдин вице-премьер, Замирбек Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин карады. Аларды парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алып келип тааныштырган.
Бокоевдин айтымында, көп депутаттардын жыйынга катышпай жатканы өкмөттүн деңгээли түшүп кеткенинен кабар берет.
"Бүгүн парламентке премьер-министр келип жатат, карасак 30га жетпеген депутат отурат. Бул өкмөттүн деңгээли да. Сиз келгенде бул жерде 120 депутаттын 100ү отуруп, суроолорун бериш керек эле да. Ушул көрсөткүчтү карасаңыз болот. Өкмөттүн жоопкерчилигин жогорулаткыла. Кечээ комитетте сурасам "отставкага кеткенге убагы келе элек" дедиңиз, тескерисинче, убактысы өтүп кетти. Эки жылда 15 министр, бир вице-премьер алмашып, өкмөт толугу менен отставкага кетүүгө ылайыкталып калды. "Я начальник, ты дурак" дегендей болуп баарын кетирип өзүңүз отура бергениңиз туура эмес", — деп өкмөт башчыга кайрылды Бокоев.
Андан соң Абылгазиев Жогорку Кеңешти тейлегенге укугу жок экенин айтып, "кызыккандар келип катышат, регламентти өзүңүздөр билесиздер да" деп жооп берди. Премьер депутаттардын каалоо-тилек айтып колдоп жатканын өкмөткө берилген баа деп эсептерин кошумчалады. Анан Бокоевге кайрылып, "андан көрө сиз колдоп берсеңиз (сунушталган талапкерлерди), суранабыз" деп сөзүн жыйынтыктады.