Жогорку соттун төрайымы: өзүм да уялам, чын эле судьялардын кадыр-баркы төмөндөдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков встретился с Торага Жогорку Кенеша, Премьер-министром и Председателем Верховного суда стран
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Торага Жогорку Кенеша, Премьер-министром и Председателем Верховного суда стран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын жана ачык-айкындуулукту камсыздоо керектигин белгилешти.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева парламенттин жыйынында соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алды. 

Жогорку Кеңеште бүгүн "Судьялардын статусу жөнүндө" КРдин Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын белгилешти. 

"Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Биз аны мойнубузга алабыз. Кээ бир судьялар дагы кадыр-баркыбызды төмөндөтүп жатат. Мен өзүм деле уялам. Судьяларга кезиккенде "силердин беделиңерге карап менин кадырым көтөрүлөт. Өзүм жалгыз эч нерсе кыла албаймын" деп айтам. Урматтуу депутаттар, азыр сунушталган мыйзамды колдоп беришиңиздерди суранам. Биз "сот бийлиги" деген элдин ишенимин арттырууга, кадыр-баркыбызды көтөрүүгө аракет кылабыз", — деди Калиева.

Очередное заседание Совета безопасности КР  - Sputnik Кыргызстан
"Былтыйып отурасыңар!". Жээнбековдун сынынан кийин прокурор иштен алынды
Ошондой эле ал 2010-жылдан кийин Сотторду тандоо кеңешинин алдындагы  Тартип комиссиясынын түзүлгөнү жемишин бербей жатканын айтып, аны жоюу керектигин белгиледи. Себеби бул комиссия натыйжасын көрсөткөн жок.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү соттордогу ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн жараяндарды сүрөт, видеого тартууга уруксат берүүнү сунушташты. Себеби азыр судьянын чечими менен тартууга тыюу салынып калышы туура эмес экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны “былтыйып отурасыңар!” деп тилдеген. Буга коррупция менен кармалган Бишкектеги айдоочулук күбөлүк берүү жана автоунааларды каттоо бөлүмүнүн экс-жетекчиси Насыр Алмаматовдун абактан чыгып кеткени себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0