00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСостоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района
Состоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кара-Суу районунун Савай айылында өткөн ири аламан улактын баш байгесине коюлган батирди эки улакчы бөлүп ала турган болду. Бул туурасында мелдеш өткөргөн Каныбек Акаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-январда, 1000ден ашуун чабандестин катышуусунда улак тартыш оюну өттү. Анда башкы соорунга коюлган Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Байыш Ниязов алган. Бирок андан соң талаш жаралып, баш байгеге улакты Акжол Кылычбек уулу таштаганы айтылды.

“Байыштын да, Акжолдун да таштаган салымын эсепке алууну чечтик. Батирди экөө бөлүп алмай болушту”, — деди Акаев.

Талаш эмнеден чыкты?

Оюндун аягында башкы байгелер коюлуп жаткан. Мына-мына батир ойнотулат деп турганда Байыш Ниязов улакты жулуп чыгып ортодогу марага таштаган. Андан соң Акжол Кылычбек уулу эңип алып трибунанын алдындагы марага таштаган. Мындан улам Ниязовго автоунаа, Кылычбек уулуна батир берилмей болгон. Бирок буга Ниязов нааразы болуп чыкты. Себеби ал машина эмес, батир ойнотулуп баштаганда салым жасаганын жүйө келтирген. “Демек, кийинки салым эсепке алынбашы керек болчу” деп ортодо талаш жаралды. Акыры той ээси жана калыстар кеңешип, баш байгени экөөнө бөлүп берүүнү чечти.

Состоязание по игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района - Sputnik Кыргызстан
Кайнаган кара таандай. Кара-Суудагы аламан улактын асмандан көрүнүшү. Фотофакт
Байгени тең бөлүшмөй болгон Акжол Кылычбек уулу 26 жашта. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын кулуну.

Байыш Ниязов Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. “Достук” көк бөрү командасынын капитаны болуп жүргөн.

Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусунда Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдө. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берип жатат.

Оюндун эрежеси

Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы, алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0