ЦУМдун жанында муш жеп көз жумган нигериялык жаран. Айыпкерге өкүм чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековСуд по делу о факте побега девятерых заключенных в селе Нижний Нооруз
Суд по делу о факте побега девятерых заключенных в селе Нижний Нооруз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Али Тижжани Абубукардын сөөгү Чоң-Арык айылындагы мүрзөгө коюлган. Каза болгон чет элдик жарандын артында аялы жана бир баласы калды. Учурда алар Нигерияда жашашат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Свердлов райондук соту Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында киши колдуу болуп каза болгон Cambridge School мектебинин директору Али Тижжани Абубукардын өлүмүнө айыптуу деп табылган адамды 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов райондук соту билдирди.

Эске салсак, 2019-жылдын 2-июлунда болжол менен саат 16.00дө Бишкектеги ЦУМ имаратынын алдында Нигериянын жаранын жанындагы киши бир чаап, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкону, реанимацияда комада жатып, эсине келбей каза болгону айтылган. 

Изолятор временного содержания в дежурной части Управления МВД в Тамбове - Sputnik Кыргызстан
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" камакка алынды
Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну К.Э. кармалып, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотоновдун 2019-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен кылмышка шектүү К.Э. аттуу жаран 7,5 жылга кесилип, 900 миң сом айып пул салынган.

Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында. Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 3-июлунан баштап саналат.

Cambridge School мектебинин директору Али Тижжани Абубукардын сөөгү Чоң-Арык айылындагы мүрзөгө коюлган.

Каза болгон чет элдик жарандын артында аялы жана бир баласы калды. Учурда алар Нигерияда жашашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0