Митингчилер 4 ай мурда шайланган Абхазия президентин отставкага кетирди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАбхазиянын президенти Рауль Хажимба. Архив
Абхазиянын президенти Рауль Хажимба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингге чогулган миңге чукул киши 9-январь күнү президенттин администрациясынын имаратын басып алган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Абхазиянын президенти Рауль Хажимба өз ыктыяры менен отставкага кетти.

Sputnik Абхазия агенттиги мамлекеттик дачанын алдына чогулган митингчилерге парламенттин мурдагы депутаты Сергей Шамба чыгып, президенттин билдирүүсүн окуганын маалымдады. Митингчилир максатына жеткенине кубанып, кол чаап жиберишкен.

2019-жылдын 8-сентябрында Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи туру өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, анда элдин 47,39 пайыз добушун алып жеңишти Рауль Хажимба камсыз кылган. Ал эми "Амцахара" оппозициялык партиясынын лидери Алхас Квициния 46,17 пайыз добуш алып калган.

Абхазиядагы митинг

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Боливии Э. Моралесом - Sputnik Кыргызстан
Боливияны 13 жыл башкарган Моралес толкуган элди токтото албай отставкага кетти
9-январда Абхаз драма театрынын жанындагы аянтта оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана мамлекет башчысы Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылган. Чогулган миңге чукул киши ошол эле күнү президенттин администрациясынын имаратын басып алган. Бир бөлүгү Хажимба жашаган мамлекеттик дачага кирүүгө аракет кылганда күч түзүмдөрү токтотуп калган.

Кийинчерээк Жогорку сотто оппозициялык "Амцхара" партиясынын лидери Алхас Квициниянын президенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таануу боюнча берген арызы канааттандырылып, шайлоо кайрадан өтө турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0