Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси

© Sputnik / Абзал КалиевЧемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг
Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргыз спортунда ийгиликтер болду десек ашыктык кылбайт. Себеби атлеттер Кыргызстандын тарыхында боло элек ийгиликтерге жетишип, өлкөнү таанытканга чоң салым кошушту.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги быйыл ири мелдештерде чемпион болгон спортчуларды тизмектеди. Арасында чемпиондук наамын коргоп калгандар да бар.

Айсулуу Тыныбекова

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Тыныбекова ушул жылдын 16-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, 62 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль уткан. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан болуп калды. Андан тышкары, Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Жакында эле Бириккен күрөш федерациясы кыргызстандык балбанды "2019-жылы тарых жараткан адам" деп атады.

Абдурахманхаджи Муртазалиев

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Abdurahmanhaji Murtazaliev (@murtazaliev_bjj)

Спортчу КРдин Жиу-житсу федерациясынын президенти, аталган күрөштүн түрүн жайылтуу үчүн арбын иштерди жасап келет.

Муртазалиев 23-сентябрь күнү Нур-Султан шаарында өткөн UWW версиясындагы жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын алды.

Улукбек Жолдошбеков

© Photo / United World Wrestling / Kadir CaliskanУлукбек Жолдошбеков 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды
Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Жолдошбеков 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды

Эркин күрөштү аркалаган балбан 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды. Ири мелдеш 28-октябрдан 3-октябрга чейин Венгриянын Будапешт шаарында өттү. Жолдошбеков 61 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет. Спорт серепчилери балбандын Олимпиада оюндарына лицензия алууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп айтып келишет.

Үзүр Жусупбеков

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Быйыл Кытайдын Сиань шаарында өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында бир гана спортчу биринчи орунду ала алды. Алтын медалды Үзүр Жусупбеков тагынган. Муну менен Кыргызстан эгемендик алгандан бери аталган мелдештен 22-алтын медалга ээ болду. Балбан килемде 97 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет.

Валентина Шевченко

​Көп убакыттан бери чет мамлекетте жашап, мелдештерде машыгып келген мушкер кыз UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону экендиги маалым. Ал наамды 2018-жылы польшалык Йоанна Енжейчикти уткандан кийин алган. Быйыл наамын эки ирет коргоп, чемпион бойдон калды. Тагыраагы, Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринде америкалык Жессика Айды нокаут менен утса, Уругвайда турнирде дагы бир америкалык спортчу Лиз Кармушту калыстардын чечими менен жеңген.

Авазбек Аманбеков

© Фото / Элеонора ДолгорукаяКикбоксчу Авазбек Аманбеков быйыл дүйнө чемпионатын эки жолу утту
Намыска жараган Айсулуу, топ жарган Улукбек. Быйылкы чемпиондордун тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Кикбоксчу Авазбек Аманбеков быйыл дүйнө чемпионатын эки жолу утту

Кикбоксчу быйыл дүйнө чемпионатын эки жолу утту. Октябрда Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында лоу-кик чемпионатында, ноябрдын аягында Түркиядагы фулл-контакт биринчилигинде биринчи орунду алды.

Авазбеков биринчи жолу дүйнө чемпионатын 2013-жылы уткан.

Кямран Аббасов

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ONE Championship (@onechampionship)

Кыргызстандык спортчу дүйнөдө рейтинги боюнча алдыңкы бештикке кирген One Fighting Championship уюмунун чемпиону болду. Ага наам 25-октябрда Жакарта (Индонезия) шаарындагы One FC турниринин алкагында швециялык мушкер Себастьян Кадестанды калыстардын чечими менен уткандан кийин берилген. Мушкер 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Мелис Турганбаев

Мурдагы ички иштер министри, азыркы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев ушул күнгө чейин килем бетинде күч сынашып келет.

Ал 11-октябрда Грузияда өткөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чемпион болду. Турганбаев буга чейин эки ирет коло медаль алган.

Эржан Тургумбеков менен Акжол Сулайманбек уулу

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Erzhan Turgumbekov (@turgumbekov_erzhan)

Тургумбеков быйыл профессионалдык бокс боюнча Евразия чемпиону (ЕВР) болду. Ал 2018-жылы россиялык RCC Boxing промоутерлик компаниясы менен беш жылга келишим түзүп, анын алкагында беттештерди өткөрүп келет. Спорт сүйүүчүлөр арасындагы бокс боюнча жаштар арасында КРдин эки жолку чемпиону, Евразия оюндарынын күмүш байге ээси.

Ал эми дагы бир кыргызстандык спортчу Акжол Сулайманбек уулу ушул эле RCC Boxing промоутерлик компаниясы менен келишим түзгөн. Боксчу август айында WBA Asia чемпиондук курун бешинчи ирет коргоп калды.

P.S. Албетте, мындан тышкары дагы чемпион болгон спортчуларыбыз арбын. Жогоруда белгилеп өткөндөй, тизмеге ири чемпионаттан уткандарды гана киргизгенге аракет кылдык. Себеби ал мелдештер мамлекеттердин катышкан санына, эрежелерине, түрлөрүнө карап айырмаланып турары маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0