Азиядан алтын утуп, желекти желбиретти. Үзүрдүн финалдагы видеосу

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан эки алтын медалга ээ болду.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбековдун Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын уткан видеосу жарыяланды.

Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал финалда өзбекстандык Жахонгир Турдиев менен кез келип, 3:2 упай эсебинде жеңип алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Чейрек финалда казак балбаны Алимхан Сыздыковду 6:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык спортчу Махди Аббас Алиярфейзабаны 7:5 упай эсеби менен утуп, чечүүчү кармашка жолдомо алган.

Жусупбеков ушуну менен курама командага жетинчи байгени алып келип жатат. Кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова коло, эркин күрөштөн Алигаджи Гамидгаджиев күмүш, Ойбек Насыров коло алса, грек-рим күрөшүнөн Асан Сулайманов менен Мурат Рамонов үчүнчү орунду камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0