Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйын учурунан тартылган кадрларды сунуштайт.
Жээнбеков алгач эки жылда аткарган иштери тууралуу маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү. Ал ар бир журналисттин аты-жөнүн, иштеген жерин жана берилген суроону кагазга жазып жатты. Суроо берүүнү каалаган журналисттерге кезекти президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева берип турду.
Журналисттер Жээнбековдон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен болгон мамилеси тууралуу сурады. Андан сырткары, билим берүү, миграция жана социалдык маселелер козголду. Алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу да президенттин пикирин угууга кызыккандар болду.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү

Жээнбеков алгач эки жылда аткарган иштери тууралуу 20 мүнөт маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү

Маалымат жыйында 29 журналист 50дөн ашык суроо берүүгө үлгүрдү

Мамлекет башчынын маалымат жыйынын чагылдыруу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Анын ичинен 160 журналист (77 ЖМКнын өкүлү) жергиликтүү, 28и (15 ЖМКнын өкүлү) чет элдиктер.

Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу "Бардыгы экөөбүздүн колубузда эле. Бирок аягында мени дагы, өзүн дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка кептеп салды. Эми бардыгы мыйзам чегинде чечилет", — деген пикирин билдирди.

Райым Матраимов жана бажыдагы коррупция тууралуу суроо бул ирет да президенттен кыйгап өткөн жок

Мамлекет башчы Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги көп мамлекеттерде жок экенин айтты

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков президентке билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу суроо берди

Ал ортодо күтүлбөгөн суроолор да берилип жатты

Президенттин маалымат жыйыны үч саатка созулду

Соңунда фуршет даярдалып, Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтууга үлгүрдү
