БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо мелдешинин экинчи туруна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мелдеш 12-15-декабрь күндөрү Румыниянын Брашов шаарында өтөт. Турнирге кыргызстандык 20 спортчу катышат.
Команданын курамы:
- Эрназар Исматов — коргоочу;
- Олег Колодин — чабуулчу;
- Антон Кудашов — чабуулчу;
- Уран Турсунбеков — чабуулчу;
- Адис Качкынбеков — коргоочу;
- Владимир Ничипуренко — чабуулчу;
- Ажымухамед Улукбек уулу — чабуулчу;
- Жанболот Тагаев — чабуулчу;
- Артур Аяпов — коргоочу;
- Кадыр Алымбеков — дарбазачы;
- Михаил Чувалов — чабуулчу;
- Артем Горобец — коргоочу;
- Владимир Носов — чабуулчу;
- Александр Титов — коргоочу;
- Максим Егоров — коргоочу;
- Кузьма Терентьев — коргоочу;
- Александр Петров — дарбазачы;
- Андрей Тришкин — чабуулчу;
- Эрсултан Мирбеков — коргоочу;
- Владимир Тонких — чабуулчу.
Спортчуларды коштоп барчулардын тизмеси:
- Павел Сазонов — башкы машыктыруучу;
- Айваз Оморканов — машыктыруучу;
- Талант Сарымсаков — дарыгер;
- Нурбек Ташболот уулу — сервис менеджер;
- Элзар Болотбеков — башкы менеджер.
Хоккейчилердин мелдеши үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция 1 миллион 387 миң сом бөлгөн.
Белгилей кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-20-февраль күндөрү Пекинде өтөт.