БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. ММА мушкерлери октагондон бири-бирин бир учурда нокдаунга жиберди. Окуянын видеосу Twitter баракчасына жарыяланды.
A Double Knockdown/KO In A CAGE!😳💪
— Mikey Thomas (@MikeyThomasMMA) 30 ноября 2019 г.
🎥: @EnfusionLIVE (ECE) pic.twitter.com/mic5LMoNaW
The Sun басылмасынын жазышынча, окуя Португалиядагы мелдеш учурунда болгон. Анда мушкерлер Эдеро Лопес менен Диего Невеш кез келген.
Беттеш биринчи эле раундда жыйынтыкталганы айтылды. 22 жаштагы Лопес ордунан дароо туруп кетсе, 31 жаштагы Невешке дарыгерлердин жардамы керек болгон. Жыйынтыгында Лопес жеңишке жеткен.