БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы дагы бир эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында кинонун продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.
Анын айтымында, фестиваль Кытайдын Хайнань аралынын Санья шаарында 1-8-декабрь күндөрү өтөт. Ага ыктыярдуу элчи катары франциялык белгилүү актриса жана режиссер Софи Марсо катышат. Мындан башка дагы атактуу кинорежиссерлор чакырылган.
"Жөө күлүк" тасмасы конкурстан сырткаркы "Азия спектри" фестивалынын атайын эл аралык секциясында көрсөтүлмөкчү. Бул категорияда Түштүк Корея, Япония, Индия, Иран, Казакстан сыяктуу 15 өлкөнүн тасмалары ат салышат.
Кыргызстандык режиссер "Жөө күлүк" кино картинасында үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.