КР менен РФтин кайчылаш жылы. Путиндин атайын өкүлү менен Разаков жолукту

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча вице-премьер-министра КР Жениша Разакова с спецпредставителем президента РФ Михаилом Швыдким
Встреча вице-премьер-министра КР Жениша Разакова с спецпредставителем президента РФ Михаилом Швыдким - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөрү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар жолугушууда кийинки жылы Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылына карата даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелерин талкуулашкан.

Разаков өлкөлөр ортосундагы достукка, биримдикке жана өз ара урматтоого негизделген кыргыз-орус алакасы жогорку деңгээлде экенин белгилеген. Ошондой эле 2020-жылы кайчылаш жылды өткөрүү жөнүндөгү демилгени колдогону үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирген. 

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Жеңиш Разаков
КР менен РФтин кайчылаш жылы. Путиндин атайын өкүлү менен Разаков жолукту - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Жеңиш Разаков
"Учурда аны өткөрүүгө активдүү даярдык көрүп жатабыз. Мен жетектеген бардык тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери кирген атайын уюштуруу комитети түзүлүп, кайчылаш жылдагы иш-чаралардын планынын долбоору даярдалды. Көптөгөн маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралардан тышкары планга өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын мааракелик иш-чараларына катышуусу, Тверь облусундагы салгылашууда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге эстелик тургузуу камтылды", — деген Разаков.

Өз кезегинде Михаил Швыдкой Россия акыркы жылдарда биринчи жолу мурдагы постсоветтик өлкөлөрдөгү мамлекет менен кайчылаш жыл өткөрүп жаткандыгын, ошондой эле бул эки мамлекет үчүн маанилүү болуп саналаарын белгилеген.

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Токаев Кыргызстанга келгенде эмне маселе талкууланат. ТИМ маалымдады
Андан тышкары, Швыдкой Россияда убактылуу иштеп, жарандык алгандар, дегеле жалпы эле кыргызстандыктар коомдун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, аталган долбоорду даярдоого жана өткөрүүгө чоң маани берилип жаткандыгын кошумчалаган.

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары тарабынан кийинки жылды кайчылаш жыл деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0