Кыргызстанда ири спорттук объектилердин эскилиги жеткени жашыруун эмес. Айрымдарынын курулганына бир кылымга чукулдап калды. Оңдоп-түзөө иштери дайыма толук кандуу жүргүзүлбөйт. Жаңы салынган спорттук комплекстер чанда кездешет.
Мамлекет соңку кезде жаңы спорттук жайларды курууга көңүл буруп жаткандай. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө спорт сарайы, футбол жана хоккей стадиону салына турганын убадалаган. Ага өкмөт 30 гектар жер бөлүнүп берери да айтылды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана шаар мэриялары менен биргеликте өлкөдөгү ири спорттук жайлардын абалына көз чаптырды.
Спорт ордосу
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы 1971-1978-жылдар аралыгында курулган. Ал эми 1979-жылы жападан жалгыз 50 метрлик бассейн ачылган. Учурда бассейн иштебей турат. Спорт ордосунун аянты 25 700 чарчы метрди түзөт, залга 3000 көрүүчү батат. Эгер соңку ремонт иштерине токтоло турган болсок, 2016-жылы фойэ, вестибюль, шып жана имараттын чатыры оңдолгон. Андан тышкары, жыйындар залы ачылып, белгилүү спортчулардын стенддери орнотулган. Ал эми быйыл концерттик залы иретке келтирилүүдө. Спорт ордосунда бир гана спорттук мелдештер эмес, маданий иш-чаралар дагы өтүп турат.
Борбордук стадион
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион 1939-1941-жылдар аралыгында курулган. Ал үч ирет ремонттолгону маалым (1963-1980-2000). Аянты төрт миң гектарга жакын. 23 миң көрүүчүгө ылайыкташылып салынган стадиондо учурда 18 миңге чукул отургуч бар. Башында "Спартак" деп аталса, кийинчерээк спорт комитетин отуз жыл башкарган Дөлөн Өмүрзаковдун аты ыйгарылган.
Ош шаарындагы стадион
12 миң көрүүчүгө ылайыкталган Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадион 1960-жылы курулган. Ал эми быйыл, 2019-жылы, спорттук жай толугу менен реконструкцияланды. Аянты төрт гектардан ашык. Стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунуучу жай жана ажатканасы оңдоодон өткөн. Мындан тышкары, сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолгон. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаңы ажаткана да курулган. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өттү.
Чолпон-Атадагы ипподром
Аталган курулуш 2016-жылы Чолпон-Ата шаарындагы Бактуу-Долоноту айылында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына аз калганда салынган. Аянты 30,6 гектарды түзүп, 10 миң адамга ылайыкталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Соңку убакта ат оюндары дал ушул стадиондо өтүп келет.
"Төлөйкан" ат майданы
Ипподром Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында жайгашкан. 1930-жылы курулуп, акыркы ирет 1985-жылы баштан-аяк оңдолгон. Аянты 60,6 гектар. Курулуш 5000 адамга ылайыкталган.
"Ак кула" ипподрому
Өлкөдөгү ири ипподромдордун бири — "Ак кула". Өзүнө 3000 көрүүчүнү батыра алат. 1979-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруучу комитетинин чечими менен ипподром үчүн 57,4 гектар жер бөлүнгөн.
Соңку жылдары "Ак кула" ипподрому реконструкцияланат деп айтылганы менен так бир иштер жүрө элек. Ат оюндары Ысык-Көлдөгү жана Оштогу ипподромдордо өтүүдө. Бишкек мэриясына кайрылганыбызда, учурда "Ак куланын" архитектуралык долбоорун иштеп чыгууга конкурс өткөрүлгөнүн билдиришти. Ипподром ошонун жыйынтыгы менен оңдолору айтылды.
"Телтору" ат майданы
Спорттук объект Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ынтымак айылында жайгашкан. 2009-жылы курулуп, ошондон бери бир да ирет ремонт иштери жасала элек. Аянты 22,5 гектар, 3500 адамга ылайыкталган.
Каракол шаардык ат майданы
Ипподромдун курулуш иши 1893-жылы башталып, 1926-жылы трибунасы бүткөн. Акыркы ирет 1958-жылы ремонттолгон. Аянты 45 гектардай, үч миң кишиге ылайыкташкан. Бирок учурда адам отурган жерлери жарактан чыккан. 2015-жылы ат майдан Спорт агенттигине өткөрүлүп берилген. Буга чейин аталган ипподром Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансында болчу.
Таластагы ипподром
Райкан Алканов атындагы ат майдан быйыл жаңы курулду. Ал Талас шаарындагы Улуттук көчмөндөр оюндарына жакын бүткөрүлдү. Аянты 41 гектар, өзүнө 2000 кишини батырат.
"Манас" спорт комплекси
Кара-Балта шаарындагы спорттук жай 1956-жылы курулган. Футболдук стадиону 3000 адамды батырат. Аянты 10 миң гектар. Спорт комплекстин ичинде көптөгөн секциялар жайгашкан. Бокс, күрөш залдарынан сырткары үстү жабык жайкы жана кышкы бассейн бар. Бир бассейн оңдолуп бүтсө, экинчиси учурда реконструкцияланып жатат.
"Газпром" ден соолукту чыңдоо борбору
Спорттук машыгуулар жана мелдештер "Газпром" ишканасы тарабынан салынган "Газпром — балдар үчүн" спорт комплексинде да өткөрүлүп келет. Аталган спорттук жайлар учурда Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бар. План боюнча 16 спорт комплекс курулары айтылган.