00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?

© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРДене тарбия жана спорт комитетин биринчилерден болуп жетектеген Дөлөн Өмүрзаковдун архивдик сурөтү
Дене тарбия жана спорт комитетин биринчилерден болуп жетектеген Дөлөн Өмүрзаковдун архивдик сурөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын дээрлик бардыгы борбордогу башкы стадионду билет. Аны го билебиз, стадионго аты ыйгарылган Дөлөн Өмүрзаков деген ким?

Дөлөн Өмүрзаков дене тарбия жана спорт комитетин биринчилерден болуп жетектеген. Ал спорт тармагын башкарып турганда "Спартак" (баштапкы аты — ред.) стадиону, Кожомкул атындагы спорт сарайы, Дене тарбия жана спорт инcтитуту, "Дельфин" кышкы бассейни, "Алга" футбол командасынын машыгуу жайы курулуп, спортчулар Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Александр Блинов, Татьяна Колпаковалар Олимпиада оюдарынан байгелүү кайтышкан.

Кыргызстандык алгачкы космонавт, КР Баатыры Салижан Шарипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Космостогу 200 күн. Салижан Шарипов тууралуу 7 факты
Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков тирүү болгондо 91 жашка чыкмак. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дене тарбия жана спорт комитетин 30 жыл башкарган жетекчи тууралуу 8 факты сунуштайт.

1. Дөлөн Өмүрзаков 1927-жылы 22-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылында туулган. Эки жашында ата-энесинен ажырап, балдар үйүндө чоңойгон. Тарбиячылар туулган күнүн так билбей метрикага 22-апрель деп жазып коюшкан.

2. Спортко жаштайынан аралашып, бокс боюнча мелдештерге катышкан. 1942-1944-жылдары Ленинграддагы П.Ф.Лесгафт атындагы Мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган. Эмгек жолун ушул институттун гимнастика кафедрасында иштөө менен баштап, ошол эле жерден аспирантураны аяктаган. 1952-жылдан баштап өз мекенине келип, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматын аркалаган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2010-жылы "Спартак" стадиону курулуштун автору Дөлөн Өмүрзаковдун атын алган
1/3
2010-жылы "Спартак" стадиону курулуштун автору Дөлөн Өмүрзаковдун атын алган
© Sputnik / Табылды КадырбековМиңдеген иш-чаралар өткөн Каба уулу Кодомкул атындагы спорт сарайы Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында курулган
Миңдеген иш-чаралар өткөн Каба уулу Кодомкул атындагы спорт сарайы Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында курулган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Миңдеген иш-чаралар өткөн Каба уулу Кодомкул атындагы спорт сарайы Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында курулган
© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекОшондой эле "Дельфин" кышкы бассейнин да курдурууга буйрук берген
Ошондой эле Дельфин кышкы бассейнин да курдурууга буйрук берген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ошондой эле "Дельфин" кышкы бассейнин да курдурууга буйрук берген
1/3
2010-жылы "Спартак" стадиону курулуштун автору Дөлөн Өмүрзаковдун атын алган
2/3
Миңдеген иш-чаралар өткөн Каба уулу Кодомкул атындагы спорт сарайы Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында курулган
3/3
Ошондой эле "Дельфин" кышкы бассейнин да курдурууга буйрук берген

3. Дөлөн Өмүрзаковдун 30 жылдык жетекчилик кызматында "Спартак" стадиону, Кожомкул атындагы спорт сарайы, Дене тарбия жана спорт инcтитуту, "Дельфин" кышкы бассейни, "Алга" футбол командасынын машыгуу жайы жана көптөгөн имараттар курулган. Балдардын спорттук секцияларынын саны 200дөн 3000ге чейин көбөйгөн. Мындан сырткары, өлкөнүн бардык аймактарында спорт комплекстери ачылган.

Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
4. Машыктыруучулар менен спортчулардын деңгээли бир топ өскөн. 1980-жылдары ок атуучу Александр Мелентьев, ат спортунун чебери Александр Блинов, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, жеңил атлетчи Татьяна Колпаковалар Олимпиада оюдарынан байгелүү кайткан. Советтер Союзунун элдик спартакиада оюндарында командалык эсеп боюнча Кыргыз ССРи 10-орунду ээлеп турган. Ага өз кезегинде Элдердин достугу наамы жана Ардак ордени үч ирет ыйгарылган.

5. Дөлөн Өмүрзаков бат тил табышып, кандайдыр бир маселеде кишини макул кылдырганды жакшы билчү. Ал кесиптештерин иш үстүндөгү далай балээден куткарып, коргоп алчу. Эң жаман көргөнү шылуундар менен саткындар эле. Замандаштары Өмүрзаков жумушта мүнөзү катуу болсо да, эч качан кол алдында иштегендерге жаман сөз айтып, басынтпаганын айтышат.

© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРДөлөн Өмүрзаков дене тарбия жана спорт комитетин 30 жыл башкарган
Первый руководитель республиканского спортивного комитета Долон Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Дөлөн Өмүрзаков дене тарбия жана спорт комитетин 30 жыл башкарган

6. 1984-жылы жумушунан кеткен. Бирок ар дайым неберелери менен спорттук иш-чараларга барып турчу. Спорт тармагындагы жетекчилер да маал-маалы менен үлгүлүү жетекчиден кеп-кеңеш сурап турушкан.

АКШ, Россия, Казакстан жана Украинада кесипкөй адис катары эмгектенген окумуштуу Асылбек Айдаралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антарктиданы багындырган биринчи кыргыз. Окумуштуу Айдаралиев тууралуу 6 факты
7. Ленинградда окуп жүргөндө орус кызы Татьянага баш кошуп, үч уулдуу болушкан. Кийин эки уулу автокырсыкта каза болуп калган. Үйдүн экинчи баласы Кубан Өмүрзаков учурда бизнес, туризм жана курулуш тармагында эмгектенет. Эки уулдун атасы.

8. Дөлөн Өмүрзаков 1999-жылы 72 жаш курагында каза тапкан. 2010-жылы ысымы өзү курдурган стадионго берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0