Өткөн дем алыш күнү, 8-сентябрда, Токмок шаарынын Кызыл Аскер айылында автожарыш өттү. 10 спорттук айдоочу дрифттин эки түрү боюнча күч сынашып, үчөө "стрит" бөлүгүндө бир-бирден спорттук унааларын кайытса, "про" түрү боюнча жуптук жарышууда жети айдоочу ат салышты.
Спорттук иш-чараны дрифттин "Стрит" түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону Гайрат Юсупов уюштуруп, максаты Кыргызстанда автожарыштын бул түрүн өнүктүрүү экенин айтып берди.
"Бизге мамлекет сапаттуу асфальт төшөлгөн, спортчулар менен көрүүчүлөргө коопсуз автодром салып бербей жатат. Өзүбүз инвесторлорду чакырып, жарышчу тилке салдыралы десек жер беришпейт. Бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылуу жөнөттүк, майнап чыкпай жатат", — деди Юсупов.
Ал Токмоктогу автожарышта кырсык катталбаганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 21-июнда ордо калаанын чок ортосунда Gradus Cup аталышындагы чемпионат баштала элек жатып, Toyota Mark II үлгүсүндөгү спорттук унаа көрүүчүлөрдү карай аралап кирип кеткен болчу. Бул кырсыкта беш адам жабыркап, Кытайдын эки жараны ооруканага жаткырылган эле.
![Токмоктогу спорттук иш-чара 13:00дө башталды. Аны Алексей Ли алып барган. Токмоктогу спорттук иш-чара 13:00дө башталды. Аны Алексей Ли алып барган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659535_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_47d947c6586db3cb03fcfc52da5e7c4a.jpg)
![Дрифт-такси. Атайын аукцион ойнотулуп, 500 сомдон көп акча төлөгөн катышуучу бул дрифттин кардарына айланды Дрифт-такси. Атайын аукцион ойнотулуп, 500 сомдон көп акча төлөгөн катышуучу бул дрифттин кардарына айланды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659540_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_31bcf43ab390bc155e0e17da7e8c988e.jpg)
![Спорттук унаалардын айдоочулары автожарышка ушул жерден старт алышты Спорттук унаалардын айдоочулары автожарышка ушул жерден старт алышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659545_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_834284f4a8d1ad51dd5647f3fbc154b9.jpg)
![BMW e-36 айдоочусу Егор Чечин, Toyota Mark II айдоочусу Игорь Гусев финалга чыгуу үчүн таймашып жатышат BMW e-36 айдоочусу Егор Чечин, Toyota Mark II айдоочусу Игорь Гусев финалга чыгуу үчүн таймашып жатышат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659550_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_e3280150f870c6bc9ddf0cb6f5916113.jpg)
![Дагы бир дрифт-такси. Ага жолдомо сатып алган кардар Toyota Mark II унаасынын сол жагында отурат. Дагы бир дрифт-такси. Ага жолдомо сатып алган кардар Toyota Mark II унаасынын сол жагында отурат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659555_0:0:3068:2048_600x0_80_0_1_26c831433a01fd935b2b301c7bc29268.jpg)
![Автокөргөзмө. Кыймылдаткычы күчтөндүрүлгөн спорттук унаалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Автокөргөзмө. Кыймылдаткычы күчтөндүрүлгөн спорттук унаалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659560_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_bd522017ac437b67733bdc5bd8e8bc9f.jpg)
![Дрифттин “про” түрүнө катышкан BMW е-30 спорттук унаасы жолдогу чаңды ызгытып жатат. Дрифттин “про” түрүнө катышкан BMW е-30 спорттук унаасы жолдогу чаңды ызгытып жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659565_0:0:3067:2048_600x0_80_0_1_9fa205e60b9f75a77f12c14154b7ad8e.jpg)
![Спортчу Артур Праздников дрифт жарышынын “стрит” түрү боюнча Nissan Silvia унаасы менен биринчи орунга татыды Спортчу Артур Праздников дрифт жарышынын “стрит” түрү боюнча Nissan Silvia унаасы менен биринчи орунга татыды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659571_0:0:3067:2048_600x0_80_0_1_8d147ec417ccb8e8429ee1b64931161d.jpg)
![Дрифт-таксилерге ылдамдыктан коркпогон, эр жүрөк айымдар да кардар болушту. Дрифт-таксилерге ылдамдыктан коркпогон, эр жүрөк айымдар да кардар болушту. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659578_0:0:3067:2048_600x0_80_0_1_2036742ca4a509be097e436d3efb992e.jpg)
![Асманга көк түтүн көтөргөн Mazda RX спорттук унаасы. Асманга көк түтүн көтөргөн Mazda RX спорттук унаасы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659583_0:0:3068:2048_600x0_80_0_1_cfc3ef98b65759e150583fbe681b532e.jpg)
![Финалда эки Toyota Mark II беттешти. Бул таймашта кара унаанын айдоочусу Игорь Гусев жеңүүчү аталды. Финалда эки Toyota Mark II беттешти. Бул таймашта кара унаанын айдоочусу Игорь Гусев жеңүүчү аталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104565/95/1045659588_0:0:3067:2047_600x0_80_0_1_dae48caf59a2d50f991a4b9e91c503ed.jpg)