Алып баруучу Канаттын апасы Аида: төрт баламды жалгыз чоңойтуп жатам

© Sputnik / Табылды КадырбековТөрт баланын энеси Аида Байтикова балдары менен
Төрт баланын энеси Аида Байтикова балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Баластан" каналынын жылдызы Канат Дилдедосовду тааныбаган Кыргызстанда бала жок болсо керек. Алардын үйүндө Канат эле эмес бир туугандарынын баары таланттуу, өнөрлүү. Алсак, мектеп курагындагы эки эжеси тасма, мультфильмдерде үн коштоп, радиодо алып баруучу болсо, карындашы Youtube каналынын жылдызы.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өнөрлүү балдардын апасы Аида Байтикова менен баарлашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековАида Байтикова: Улуу кызым 10-класс. Ал алгач манас айтып баштаган, андан кийин радиодо алып баруучу болду. Экинчи кызым да клип, фильмдерге тартылат. Канат азыр 5-класста. "Баластан" телеканалынын алып баруучусу, жүзү десем болот. Клип, тасмага тартылат. Кичүү кызым Акмарал 2-класста окуйт, Youtube каналында бир долбоорго актриса катары тартылып жатат.
Алып баруучу Канаттын апасы Аида: төрт баламды жалгыз чоңойтуп жатам - Sputnik Кыргызстан
Аида Байтикова: Улуу кызым 10-класс. Ал алгач манас айтып баштаган, андан кийин радиодо алып баруучу болду. Экинчи кызым да клип, фильмдерге тартылат. Канат азыр 5-класста. "Баластан" телеканалынын алып баруучусу, жүзү десем болот. Клип, тасмага тартылат. Кичүү кызым Акмарал 2-класста окуйт, Youtube каналында бир долбоорго актриса катары тартылып жатат.

— Балдарыңыз тууралуу айтып бериңизчи. Мектеп окуучусу болсо да төртөө тең ар кайсы жакта иштешет экен.

— Ооба, элдин көбү бизди үй-бүлөлүк таланттар деп жакшы тааный башташты окшойт. Үч кыз, бир балам бар. Төртөө тең өнөрлүү. Азыр улуу кызым 10-класс. Ал алгач манас айтып баштаган, андан кийин радиодо алып баруучу болду. Эсиңиздерде болсо Коомдук биринчи каналда "Келин" деген индия сериалы көрсөтүлгөн. Ошондо баш каарман Ананди деген кыздын үнүн коштоду. Азыр деле тасмага тартылып, үн коштоого чакыруу болуп калса барып турат. Бирок көпчүлүк убактысы мектепте. Ал жактан да ийримдерге катышат. Экинчи кызым да таланттуу, клип, фильмдерге тартылып калат. Канат үйдө үчүнчү балабыз. Азыр 5-класс болуп калды. "Баластан" телеканалынын алып баруучусу, жүзү десем болот. Андан тышкары, клип, тасмага тартылат. Кичүү кызым Акмарал 2-класста окуйт, азыркы учурда Youtube каналында бир долбоорго актриса катары тартылып жатат.

— Балдарыңыздын баары жылдыз турбайбы. Бул тармакка кандайча аралашып калышты?

Актриса, блогер и телеведущая Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: уулума ата тарбиясы жетпей жатат
— Эл адамы болууну кичинемден самачумун. Улуу акын, жазуучулардын китептерин көп окуп, аябай таасирленер элем. Бирок өзүм ал кыялдарымды ишке ашыра алган жокмун, анан балдарымды ушул жаатка аралаштырып көрүүнү ойлодум. Таласта жашачубуз. "Манас Ордо" комплексинде бир нече жыл экскурсовод болуп иштеп калдым. Түшүмө Манас ата кирип, аян берчү. Анан улуу кызыман "манас айтсаң мен сени телеге, радиого, гезиттерге чыгарам" деп сөз бердим. Кызым манас айтып кароо-сынактарга чыга баштады. Ага классташым, белгилүү манасчы Замир Баялиев көмөктөштү. Ошентип жүрүп кийин Бишкекке көчүп келдик.

Анан кызыма берген убадама туруп аны телевидениеге алып келдим. Ошол кезде "Баластан" каналы жаңы ачылып жаткан экен. Бирок дароо алып баруучулукка алышкан жок, "өзүңөрдү радиодон сынап көргүлө" деп радиодо иштеп калдык. Эки кызым ал жакта алып баруучу болчу. Дем алыш күндөрү Канат аларды ээрчип алар эле. Ошентип жүрүп эле бул жактын ашканасына аралашып кетти.

© Sputnik / Табылды КадырбековАида Байтикова: Балдардын атасы менен жети жыл мурда ажырашып кеткенбиз. Ошол убакта ал аябай көп ичип, үйгө тынчтык бербей калган. Колу да тийди. Анын үстүнө кайын журтум менен батыша албай койдум. Акыры төрт баламды алып кетип калдым.
Алып баруучу Канаттын апасы Аида: төрт баламды жалгыз чоңойтуп жатам - Sputnik Кыргызстан
Аида Байтикова: Балдардын атасы менен жети жыл мурда ажырашып кеткенбиз. Ошол убакта ал аябай көп ичип, үйгө тынчтык бербей калган. Колу да тийди. Анын үстүнө кайын журтум менен батыша албай койдум. Акыры төрт баламды алып кетип калдым.

— Канат алып баруучу болгондо канча жашта эле?

— Үч жаштан төрткө караган. Бир күнү алып баруучулукка ич ара эле кастинг жарыяланып калды. Мага да "эже, сиз да балдарыңыздын баарын алып келиңиз" дешти. Канатты болсо тыпылдаган бала деп баары жакшы көрүп, баары таанычу. Улуу кызымды ырдатып, манас айттырып көрүп үнү жоон экен деп жаратпай коюшту. Анан Канатты сүйлөтүп көрүп алышты. Бирок "р" тамгасын жакшы айта албагандыктан, башында "Таалимтай" берүүсүнө тартылып жүрүп, анан алып баруучу болду.

— Төрт жаштагы балага эфирдин сценарийин эмес, төрт сап ырды жаттатуу оңой эмес. Кантип жетишчү элеңиз?

— Эфирге чыгуу чоң жоопкерчилик да. Ошол себептен балдар-кыздарым эфирге чыгарда өзүм чыкчудай толкундачумун. Чала болуп калса сөз бизге тиет. Ошол себептен күн-түн дебей сценарийин жаттатып, кайталатып, анан жиберчүмүн. Жалгыз кыйналчумун. Бирок мен үчүн балдарымдын келечеги биринчи орунда.

— Жолдошуңузчу?

— Балдардын атасы менен жети жыл мурда ажырашып кеткенбиз. Ошол убакта ал аябай көп ичип, үйгө тынчтык бербей калган. Колу да тийди. Анын үстүнө кайын журтум менен батыша албай койдум. Акыры төрт баламды алып кетип калдым.

— Балдар анда канчада эле? Иштечү белеңиз?

— Балдар кичинекей болчу. Ажырашкан убакта улуу кызымды жаңыдан теле жаатына аралаштыра баштагам. Башында туугандарым жардам берди. Андан кийин китепканага ишке кирдим. Балдарымдын көп убактысы ошол жакта өттү окшойт. Дайыма жаныма ээрчитип жүрчүмүн. Азыр деле өзүм менен кошо алып жүрөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековБайтикова: Акчанын артынан деле кубалап оокат кылбайбыз. Балдарыма болгон энергия, күчүмдү жумшап, кийин өнөрү, таланты, билими менен жакшы жашасын деп аракет кылып жатам.
Алып баруучу Канаттын апасы Аида: төрт баламды жалгыз чоңойтуп жатам - Sputnik Кыргызстан
Байтикова: Акчанын артынан деле кубалап оокат кылбайбыз. Балдарыма болгон энергия, күчүмдү жумшап, кийин өнөрү, таланты, билими менен жакшы жашасын деп аракет кылып жатам.

— Уул-кыздары менен байланышып турса керек?

— Жок, жети жылдан бери бир басып келген жок.

— Китепкананын айлыгы аябай эле аз болсо керек...

— Өлбөгөн жандын күнү өтө берет экен да. Айлыгым батирдин акысына кетет. Балдар кичине кезде аябай эле кыйналдым. Азыр кол арага жарап, ар ким өз акчасын өзү таап калды. Тасмага, клипке тартылып гонорар алышат. Мектепке кийим-кечесин даярдашты. Канат болсо "Баластан" каналынан 1500-2000 сом гонорар алат, андан тышкары кино, клиптерге тартыла калат. Тасмага тартылса айына 5000-10000 сомго чейин акча чыгат. Кичүү кызым Акмарал да кийим-кече, кем-карчысын өзү эле таап алат. Ал YouTube каналынын жылдызы. Ал жакта азыр балдарга ар кандай роликтер тартылып калды го, ошол жакта актриса. Акчанын артынан деле кубалап оокат кылбайбыз. Балдарыма болгон энергия, күчүмдү жумшап, кийин өнөрү, таланты, билими менен жакшы жашасын деп аракет кылып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0