Эки ача жолго түшүү айрым жуптарды куткарса, ал эми кай бирлери үчүн ажырашкан соң кыйынчылык менен коштолгон жаңы турмуш башталат. Азыркылар уянын бузулушун оор нерсе катары деле кабыл албай калды өңдөнөт. Албетте, кээде саламаттыкты жана өмүрдү сактоо үчүн ажырашуу жападан жалгыз жол, бирок айрым учурда тек гана өзүмчүлдүк жана чабалдыктан улам гана эки бөлөк багыт алып тынышат. Бирок ажырашууга эмне себеп болгон күндө да, ортодо чайналган эле балдар. Алар атанын же эненин мээриминен өксүк калат. Атасыз уул тарбиялоо туурасында Назира Айтбекова айтып берди.
— Көз жарган күнүңүз жадыңыздабы? Төрөт эмнеси менен эсиңизде калды?
Уул төрөсөм экен деп тилек кылгам, бирок УЗИден кыз же эркек экенин аныктай алышкан эмес. Эркек экенин сүйүнчүлөшкөндө кубанычымда чек жок десеңиз. Бирок ымыркайга энелик сезим дароо ойгоно койбойт тура. Бала аябай сулуу, сүйкүмдүү төрөлөт экен десем, кыпкызыл эт, кебетеси бырышып-тырышып (күлүп)... Анан эмизе баштаганда бөтөнчө бир бакытка бөлөндүм, элжирей, ушунчалык мээримим төгүлдү.
— Билишимче, ошондо эле белгилүү теле алып баруучу болчусуз. Иш менен бала багууну кантип айкалыштыра алдыңыз?
— Айым-күнүм жеткенче иштедим. Тогуз ай толгондо да салмагым 56 килого араң жеткен. Кичине да көтөрдүм, ичимди режиссер да байкабаптыр. Ошол убакта КТРКда "Браво" телеберүүсүн алып барчумун. Кыраакы көрүүчүлөр кош бойлуу экенимди байкап, телефон чалып алып: "силерде нурлануу күчтүү да, боюнда бар келинди эмнеге иштетип жатасыңар?!" – деп режиссерду жемелеп киришет. Ошондо гана ал менден тактап сурап, аябай таң калган.
— Уулуңуз канчада, атын ким койгон? Ысымы ким?
— Уулумдун аты Ариет. Атасы маанисин жактырып койгон. Сентябрда 10 жашка толот.
— Маектериңиздин биринде уулуңуз орус мектепке барарын, кыргыз тилинде көп сүйлөбөй турганын, бирок кыргызча өздөштүрүшүн каалаганыңызды айтыпсыз. Бүгүн бул боюнча жагдай кандай?
— Уулум башта кыргызча сүйлөчү, акценти аябай байкалып турчу. Анан толук орусчага өтүп алды. Бала бакчада баары орус тилинде сүйлөшөр эле. Азыр үйдө эки тилде, кээде үйрөнүшү жеңил болсун деп англисче да сүйлөшөбүз.
— Бала менен көп тилде сүйлөшсөң, тили кеч чыгат дешет...
— Бизде да ошондой болду. 4-5 жашка чыкканча Ариеттин тили жакшы чыкпады. Баарыбыз күттүк. Адегенде тааныштарым Айтбекованын баласы микрофон менен төрөлөт деп тамашалашар эле.
— Мектепте кандай окуйт уулуңуз?
— Бишкекте эң күчтүү деп саналган гимназияга бергенбиз, бирок өзү жактырбай туруп алды. Акырындап окууга да кызыгы тарап кетти. Мектепке мени дээрлик күндө чакырып калышты, сабак окубай, эч нерсе жазбай койчу болду. Акыры психологго кайрылдык. Адис баланын өрчүшү артта калганын айтты. Мен аябай таң калдым, анткени үйдөн биз уулум менен физика, химия, тарыхты окуйбуз. Ошондо психолог "демек, бала өз курагындагылардан озуп кеткен, алардын окугандары ага кызыксыз", — деди. Мектеп алмаштырууга аргасыз болдук, азыр Ариет кыргыз тилинде окуткан жеке мектепке барат.
— Кандай сапаттардын калыптанышын каалайт элеңиз? Тарбия берүүдө кандай принциптерди карманасыз?
— Жан дүйнөсү таза инсан болуп чоңоюшуна бүт күчүмдү жумшайм. "Эч качан жалган айтпа. Канчалык ачуу болсо да чындыкты айт, мени урушат деп коркпо", – деп кулагына куям. Чынчыл болууга, аялзатын сыйлоого үйрөтөм. Жолдошум экөөбүз 2016-жылы ажыраштык, атасынын жоктугу балага таасир этпей койбойт тура... Жалгыз бой эне болуу да жеңил эмес экен. Айрым учурда балама аз көңүл буруп жаткан жокмунбу деп бушайман болом, ал эми кээде уулума эркектин тарбиясы жетишсиз экенин сезем. Ошол себептен, уулумду жаныма көп ээрчитип жүрөм, эркек досторум менен сүйлөшсүн, алардан кандайдыр таасир алсын дейм. Айылга барганда туугандарымдан баламды катуураак кармашын өтүнөм. Спорттун бир түрү менен машыкса, машыктыруучусу ага устат, үлгү болсо дейм. Бирок азырынча спортко өзү кызыкпайт.
— Алдын ала бул суроом үчүн кечирим сурайм, атасы кабар алып турабы уулунан? Мамилелери кандай?
— Атасы ага WhatsApp менен сүйлөшүп туруу үчүн планшет сатып берген. Бардык маселе боюнча атасына кайрылышына шарт түзөм, бирок, кыязы, анын Ариетке убактысы жок өңдөнөт, себеби, башка бүлөсү бар. Апта сайын аны менен жолугууга кээде мүмкүн болбой калат. Айына бир жолу келсе, уулум экөөбүз сүйүнөбүз. Азыр ал биз үчүн конок сымал, андай баарлашууну тарбия дешке болбойт.
— Мурда Түркияда да иштеп келгенсиз, алардын балдарга берген тарбиясы кандай экен? Байкаган жайыңыз барбы ал жагын?
— Ооба, алардын тарбия бергени биздикинен алдаканча айырмаланат. Түркияда балдар үйдү үч көтөрүп коюшу ыктымал, ошентсе да ата-энеси урушкандын ордуна кайра аларды кубаттай, сыймыктанышат. Ал эми бизде андайда ата-энелер кыжырданып, кыйкырып, бурчка тургузуп коюшмак. Көрсө, биз баланы катуу кармайт экенбиз. Балким, ушундан улам балдар тартынчаак, өз оюн ачык айта албас болуп калышат.
Маек "Биз – ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул – ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик милдетин кантип аткарары тууралуу, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунушун аябаган адистер (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун) менен маек курабыз.