Бишкекте айт намазы кантип кайда өтөт. Программа

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айт намазга төрага менен калаа башчысынын келери айтылууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Курман айт намазы 11-августта Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылмакчы.

Иш-чаранын программасы:

Саат 06:15 — 07:15. Аалымдардын шарият боюнча насыйкаттары;

Саат 07:15 — 07:35. Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдун куттуктоосу;

Саат 07:35 — 07:45. КР президент аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окуйт. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен калаа башчысы Азиз Суракматов дагы сөз сүйлөйт;

Саат 07:45. Айт намазы башталат.

Курман айтты кантип туура тосуу керектигин окуп алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0