УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаикова паспорт бланктарын сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин фигуранты.

Бүгүн, 5-августта, УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаиковага издөө жарыялады. Ал паспорт бланктарын сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин фигуранты. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Шаикова суракка келбей койгон.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев, Назаралиев менен мушташып. Туйгунаалы Абдраимов тууралуу 8 факты
Ушу тапта экс-жетекчинин ошол убактагы үч кызматкери коррупция боюнча жана литвалык "Гарсу пасаулис" ЖАКы менен жакындыгы бар деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Инфокомдун" ошол кездеги жетекчиси Талант Абдуллаев аталган компаниянын өкүлү менен Алматынын ресторанынан жолугушкан. "Гарус пасаулис" жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор үчүн бланк алууга жарыяланган тендерде жеңүүчү аталган. Бирок УКМК литвалык ишкананын сунушу мыйзам талап кылгандай төгөрөгү төп болгон эмес деп эсептейт.

Өз кезегинде МКК тендер өткөрүүдө мыйзам бузулбаганын, жеңүүчү менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Алина Шаикова тууралуу фактыларды топтоду.

Кесиби

Алина Шаикова 1971-жылы 29-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти экономист адистиги боюнча аяктаган. Бир топ жыл Финансы министрлигинин тутумунда иштеп, министрдин орун басарлыгына чейин жеткен.

Каттоо кызматын эки ирет жетектеген

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлүм башчы кызматын чоңойтуп Кытайга жөнөгөн. Айыл чарба министрлигиндеги чуу
2014-2015-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. 2018-жылдын февралында кайрадан аталган ведомствонун төрагалыгына дайындалган. Экинчисинде бир жылдан ашыгыраак убакыт иштеди.

Биометрика боюнча өткөн алгачкы шайлоо

2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата биометрикалык маалыматтарды топтоо жараяны башталат. Шайлоочулардын тизмесине жеке маалыматтарын тапшыргандар гана кирген.

БШК менен болгон чыр

2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярданып жаткан маалда Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол кездеги төрагасы Туйгуналы Абдраимов Каттоо кызматын сынга алган. Шаикованын "тарыхта биринчи жолу шайлоочулардын толук кандуу тизмеси түзүлдү" деген сөзүнө Абдраимов "бул эң эле сапатсыз тизме" экенин айткан. Өз кезегинде Шаикова шайлоочулардын көбүн тизмеден БШК өзү чыгарып салганын белгилеген.

Үч орун басары кармалгандан кийин кызматынан кеткен

Шаикова 2019-жылдын 19-апрелинде үч орун басары коррупцияга шектелип кармалгандан кийин ээлеген кызматынан бошотулган. Анда Каттоо кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев коррупция боюнча жана Литванын "Гарсу пасаулис" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып колго түшүрүлгөн.

Кол алдындагылардын кармалышын сынга алган

Паракорлук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар коррупцияга белчесинен баткан органдарды атады. Тизме
Кызматынан кетер алдында Шаикова аткаминерлерге эч нерсе кылбоого, арзан варианттарды гана тандоого кеңеш берип, бул эркиндикте калууну шарттай турганын жазган бирөөнүн билдирүүсү менен бөлүшкөн. Андан сырткары, бул сөздөрдү мамлекеттик аппаратка тиешеси бар адамдарга басып чыгарып, көрүнөө жерге илип алууну сунуштаган. Шаикованын айтымында, "бул кеңеш көп кишини сактап калат".

УКМК жетекчисинин отставкасы

15-майда УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов "тергөөгө таасир этиши мүмкүн" деген кеп-сөздүн алдын алып кызматын тапшырып берген. Ага чейин бир катар ЖМКлар Кадыркулов Шаикова жана президенттин ошол кездеги кеңешчиси Дастан Догоев менен бейрасмий жолугуп, кызматын сунуштаган жеке компаниянын өкүлү менен тааныштырганын жазып чыккан. Бирок Шаикова менен Догоев бул маселени келечеги жок деп кароодон баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0