Ачууга алдырбагыла! Кыргызстан тажик тараптын дооматына катуу жооп берди

© Sputnik / Илья БуяновскийВорух анклавы. Архив
Ворух анклавы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тарап чырдын күнөөлүүлөрүн таап жана мындан ары кагылышууну болтурбоо чараларын көрүүгө үндөдү.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тарапты эмоцияга алдырбоого жана кыргыз тарапты негизсиз күнөөлөөдөн алыс болууга чакырды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө чек ара боюнча таратылган терс маанайдагы билдирүүлөр абалды татаалдантып, абалды чыңалткан ар кыл кадамдарга алып барышы мүмкүндүгү эскертилген.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон чек ара чуусуна карабай жолугат
Маалыматта бул "Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын 22-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка "эки мамлекеттин президенттеринин жолугушуусу алдында кыргыз тараптын жасаган провокациясы" деген билдирүүсүнө берген жообу" экендиги айтылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы чыгып кеткен чатактын себебин биргелешип иликтөөнү, чырдын күнөөлүүлөрүн таап жана мындан ары кагылышууну болтурбоо чараларын көрүүгө үндөдү.

Буга чейин тажик тарап Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин талкуулап жана Ворухка барарын жазган. КР өлкө башчысынын маалымат кызматы чек ара чуусуна карабай эки президент жолуга турганын тастыктады.

Чек ара кызматы аймактагы коопсуздукту камсыздоо, аталган тилкеде жашагандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо максатында эки өлкөнүн жетекчилери болгон күчүн жумшашы керектигин айтты. Буга кошумча, билдирүүдө чатакты басаңдатуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арада жашаган кыргыз-тажик калкын кепке келтирүү маселеси кабыргасынан коюлду.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тарапты ынтымактуу коңшулук алаканы улантууга чакырып, бул аймактын тынчтыгын камсыздарын эскертти.

Дуло автомата - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, чек арачы жаракат алды
Эске салсак, кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айтууда.

Эки өлкө жарандарынын ортосунда чек ара чыры маал-маалы менен чыгып турат. Жакында эле Баткен районунун Достук айылынын тургунун коңшу мамлекеттин Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кеткени маалым болгон. Бул фактыга нааразы болгон эл облустук администрацияга келип, аларга тиешелүү тараптар маалымат берген. Бирок алигүнчө ал кишиден дайын жок болуп жаткандыгын 17-июлда Баткен облустук милициясынан кабарлашкан эле.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0