00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Столду бир чаап туруп кетти! Абдраимовдун журналисттерге жасаган жоругу видеодо

Жазылуу
Бүгүн, 6-майда, журналисттердин жоон тобу кесиптешин келекелеген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдон түшүндүрмө алуу үчүн барды. Ал Орок айылындагы жаңжал боюнча суроо берген журналистке: "Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, жагымсыз экен",- деп күлүп, берген суроосуна жооп бербей басып кеткен.

Абдраимов ЖМК өкүлдөрү менен жолугууга чыкпай койгондуктан иш бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылышты. Бирок эшиги бек экен, кызматкерлер сыртынан тосуп киргизбей койду. Облус башчысы ичинде жыйын өтүп жатканын айтышты. Анын чыгышын талап кылган журналисттер эч жакка кетпей, күтүүгө аргасыз болду. Ал ортодо кызматкерлер менен талашып-тартышуулар да болуп кетти. Акыры бир саат өткөндөн кийин кеңешчиси менен аппараттын башчысы келип Абдраимов жооп берүүгө макул экенин айтты. Бул үчүн жыйындар залына кирүүгө чакырды. Андан соң Абдраимов чогулган журналисттердин алдына келип кырдаал боюнча өз чындыгын билдирди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев, Назаралиев менен мушташып. Туйгунаалы Абдраимов тууралуу 8 факты
Анын айтымында, журналист чагымчыл суроолорду берген. Абдраимовго кабарчынын жаңжал болгон күнү Орок айылына качан келгенин сураганы жаккан эмес.

"Келе жатсам прокурорлордой болуп "качан келдиңиз, эмне кечиктиңиз?" деп улам эле кекетет. Ал менин маселем, сен прокурор эмессиң дедим. Бир сары кыз экен, капталдан чыгып ар нерсени сурайт, анан өңүң жакпай жатат дедим. Анын өңү мага жакпайт, менин өңүм ага жакпайт, бул турмуш да. Өздөрү, мына азыр да журналисттер "этикетканы" ("этика" дегендин ордуна — ред.) бузуп жатасыңар. Ызы-чуу болуп, балдар реанимацияда дегенди угуп аябай нерв болуп жүргөм, мен андай учурда күлөм, ыйламак белем", — деди Абдраимов.

Ошондой эле ал жасаган иши үчүн өкүнбөгөнүн жана журналисттен кечирим сурабай турганын белгиледи. Мындан сырткары, бүгүн барган журналисттердин айрымдарын "жалданма, чагымчылдар" деп атады.

"Мен кечирим сураганга даяр эмесмин, анткени ал кыз өзү мага катуу айтты. Мен жасаган ишиме өкүнбөйм. Мен угаар замат бардым, түшкө жакын чалышты. Ошондон кийин бардым. Журналисттин суроо бергени туура, бирок кекеткени туура эмес", — деп столду бир коюп туруп кетти.

Абдраимов калган суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Анын артынан жөнөгөн журналисттерди белгисиз кишилер залдан чыгарбай, эшикти жаап туруп алды. Бир саамдан кийин эшик ачылып, бирок журналисттер Абдраимовду таппай калышты.

Учурда социалдык тармактарда Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгын кескин сындап жатышат. Жинденгендердин көбү анын кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Окуя боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үн катып, анын жоругу жалпы өкмөткө көлөкө түшүргөнүн билдирди. Ал окуянын чоо-жайын толугу менен билгенден кийин баа бере турганын жарыялады.

Чуунун башы эмнеде?

Эс алчы! Ортодон чыга калган Икрамов журналистти Кудайбердиеванын көзүнчө какты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эс алчы! Ортодон чыга калган Икрамов журналистти Кудайбердиеванын көзүнчө какты
5-июнь күнү Сокулуктун Орок айылында Айт намаздан кийин эки бала бир өспүрүмдү уруп койгон. Андан соң таяк жеген баланын туугандары айылга келип араздашкан. Жаңжалдын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 32 киши кармалып, кийинчерээк 31и коё берилди. Милициядагы бир киши жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Боркоев экени белгилүү болду.

Кечээ түштөн кийин жаңжал болуп жаткан жерге өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов келген. Ага суроо узаткан Akipress агенттигинин кабарчысына: "Кебетеңиз жакпайт, ошон үчүн сурооңузга жооп бербейм",- деп каткырган боюнча басып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0