БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү жана кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 54 783 шайлоо бюллетенин региондорго өткөрүп берди. Бул туурасында БКШнын маалымат кызматы билдирди.
Бюллетендерди өткөрүп берүү "Учкун" ААКынын имаратында 7-май күнү өттү. Жергиликтүү кеңеш шайлоосу ушул жылдын 19-майына белгиленген. Шайлоого катышуу үчүн 569 талапкер катталган.
Бюллетендер Баткен (13 721), Нарын (1 825), Ош (22 821), Талас (8 409) жана Чүй (8 007) облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилген.