ЫСЫК-КӨЛ, 2-май— Sputnik. Каракол калаасында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бүгүн, 2-майда, "Кыргыз Республикасында уран иштетүүгө каршыбыз" деген ураан менен тынчтык митингге чыкты.
Акция классик акын Алыкул Осмоновдун "Ата Журт" деген ыры менен башталып, Кыргызстанда уран таптакыр иштетилбесин деген пикирлер айтылды.
Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп келген компаниянын бардык лицензиялары кайтарылып алынсын деген талабын коюшту.
"Табигый таза азык-түлүктөрдү чыгарып, туризм тармагын жакшыртуу менен гана өлкөнү өнүктүрө алабыз", — дешти акциянын катышуучулары.
Буга чейин уран кенин иштетүүгө каршы бир катар митингдер өттү. 29-апрелде Балыкчыда уранга каршы жүрүш болгон. 22-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги ишти убактылуу токтотуу боюнча буйрук берген. Кенди чалгындоо үчүн лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2010-жылы алган.
Ишкана кенди иштетүүгө дагы уруксат алууну пландап жаткан болчу. Бирок 25-апрелде Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда лицензия артка чакыртылганын билдирген. Анткен менен кийинчерээк лицензия 27-апрелде артка кайтарылганы белгилүү болду.