Тез жардам менен жеңил унаа кагышкандыгын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.
Окуя саат 08:30да болгон. Күбөнүн айтымында, кырсык болгон жерге дагы эки Тез жардам автоунаасы келди.
Ак халатчандар кабылган кырсык боюнча Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов маалымат берди.
"Медиктер шашылыш чакырууга бара жатышкан. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана атайын автоунаа жабыркады. Алар ооруканага жаткырылды жана учурда текшерүүдөн өтүп жатат", — деди Борисов.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан автокырсык жөнүндө кабар келип түшкөндүгүн жана так маалыматты кечирээк бере тургандыктарын айтышты.