БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий 2019-жылдагы Азия жана океания чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул туурасында КРдин Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын Facebook баракчасында маалымдалды.
Краковецкий 100 кг жана андан жогорку cалмак категориясында күч сынашты. Ал Кытай жана Кореянын спортчулары менен мелдешип, жарым финалга чыгып, атаандаштарына жеңилүү ызасын тарттырган.
½ финалда тажикстандык балбанга утулса, ал эми коло медаль үчүн күрөштө дагы башка тажикстандык спортчуну жеңип алган.
Аталган чемпионат бул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигиндеги Эл-Фуджейра аймагында өтүп жатат. Кыргызстандан аталган турнирге 9 спортчу кеткен.