Киевде чалгынчынын унаасын жардырды деп кыргызстандык шектелүүдө. Жарылуунун видеосу

Жазылуу
Украиналык ЖМКлар Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчуктун айтканына таянып, жардырган киши Кыргызстандын жараны деген маалыматты жазып чыкты.

Киев шаарында автоунаага жардыргыч затты коюп, бирок өзү кошо жарылып кеткен киши кыргызстандык экени айтылууда. Бул туурасында украиналык басылмалар жазууда.

Ситуация в Луганске - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду
Интернет айдыңына ит ээрчиткен киши токтоп турган автоунаалардын жанына барып эңкейип, кандайдыр бир нерсени тагып жаткан учурда жарылып кеткен видеосу тарады.

РИА Новости окуя 4-апрелге караган түнү саат 03:00дөр чамасында Киев шаарынын Голосеев районунун аймагында болгондугун жазды.

Белгисиз киши токтоп турган автоунаанын алдына жардыргыч зат орнотууга аракет кылган учурда механизм эртерээк иштеп кеткен. Анын кесепетинен ал киши жарадар болуп, оор абалда ооруканага түшкөн.

"Киевде жардырылган Chevrolet Epic автоунаасы аскерий чалгын кызматынын офицерине таандык. Андан офицер эмес, минаны койгон киши жарылып кеткен", — деп билдирген Киев полициясы.

Маалыматтарда жардырган кишинин колу чыканагынан жулунуп кеткени айтылууда.

Ал эми украиналык жалпыга маалымдоо каражаттары Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчуктун айтканына таянып, жардырган киши кыргызстандык жаран деп билдирүүдө.

Украинанын Башкы прокуратурасы жардырган киши эсине келбеген бойдон ооруканадан каза болгондугун кабарлады.

ТИМден Кыргызстандык жаран тууралуу айтылган маалыматтар такталып жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0