Чекчейген үкү, укмуш кооз чыйырчык. Кыргызстандагы чымчыктардын сүрөттөрү
Чекчейген үкү, укмуш кооз чыйырчык. Кыргызстандагы чымчыктардын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 1-апрелде, канаттуулардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул бир жагынан алып караганда интернационалдык экологиялык майрам. 01.04.2019, Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 1-апрелде, канаттуулардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул бир жагынан алып караганда интернационалдык экологиялык майрам.
Аталган датага карата Sputnik Кыргызстан таланттуу фотограф жана ишкер Иван Турковскийдин тарткан эмгектеринен сүрөт түрмөк жасады. Кызыгы, бул чымчыктарды кыргызстандыктардын көбү биринчи ирет көрүп жатса керек. Фотограф сүрөттөрдү тартууга алды эки, арты беш күндөй убактысы кеткендигин айтып берген.
Турна. Уясы башка канаттууларга салыштырмалуу аз болот. Аларды жазында жана күзүндө асмандан көп кездештиребиз. Кыйкуулаган үнү угулат. Негизинен шалбааларды, чөп-чарлуу көлмөлөрдү, буйткалуу, саздуу жерлерди байырлайт.
Көк жору. Бийиктикти жакшы көргөн куштун түрү. 2000-4000 метр бийиктиктеги тоолордон кездештире аласыз. Анткени менен тамак табыш үчүн жакага деле түшүп келген учурлары кездешет.
Чоң ак кытан. Көлдөрдү, көлмөлөрдү байырлайт. Жээкте жүрсө, алыстан эле көзгө урунат. Адам ичкен жана андан тышкаркы суулуу аймактардын туруктуу жашоочусу.
Саз үкүсү өтө бийик тоолордон башка жерлерди байырлай берет. Ачык талаалардан, сейрек бадалдуу түздүктөр менен адырлардан, өзөндүү жерлерден, өтө калың эмес токойлордон кездештирүүгө болот.
Ак куйрукту суу бүркүт. Жанында суу аккан токойлордо, талаанын бак-дарактуу жерлеринде, балыкка бай көлдөргө жакын аймактарда, камыштуу жээктерде жүрөт.