Назарбаевге делген тапанчаны уурдап... 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКурал-жарактар. Архив
Курал-жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда мартта чыккан гезит беттерин барактап, ошол учурдагы ЖМКларга жарыяланган чуулуу кылмыштарга байкоо салып көрдү.

Алардын арасында ички иштер министринин биринчи орун басарынын үйүн тоноп, толгон курал-жаракты көтөрө качкандар менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге бериле турган тапанчаны уурдап кеткен топтун кылмыштары бар.

Ооруканада жатканда 13 ирет атып...

Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Аялын зордуктаган кишинин жыныс мүчөсүн кесип... Февралдагы кылмыштар
Ооруканада жаткан шектүүнү түн ортосунда кылмышкер Калашников автоматы менен атып кеткен. Ок жеген киши өзү дагы адам өлтүрүүгө шектелип, дарыгерлердин да, милициянын да көзөмөлүндө болчу. Бирок анын колунан көз жумган жарандын досу шериги үчүн өч алып, 13 жолу ок атып из жашырып кеткенге үлгүргөн. Бир нече күн өткөн соң жаш жигит кылмыш жасаган куралын көтөрүп алып прокуратурага өзү келген.

Кызды үчөөлөп зордуктаган шумдуктуу милиционерлер

Борбор калаада сейилдеген эки жаш милициянын үч кызматкеринин курмандыгына айланган. Жигитти эс-учун жоготкончо сабаган тартип сакчылары кызды үчөөлөп зордуктаган. Анысы ал келгенсип, жабырлануучунун баштыгы менен кийимин алып качып кетишкен. Көп өтпөй кармалып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн күнөөсү аныкталган. Зөөкүрлөрдүн курмандыгы болгон кыздын арызын сот карап, аларды сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Кыргыз-казак жерин жойлогон уурулар

Взрывчатые вещества, изъятые сербской полицией - Sputnik Кыргызстан
Насыясын төлөө үчүн ишкер аялдын үйүн жардырып... 90-жылдардагы кылмыштар
Тогуз адамдан турган кылмыштуу топ Бишкек жана Алматы шаарын жойлоп, көптөрдү сызга отуруп келген. Укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөн шылуундардын эң кенжеси 17, ал эми улуусу 23 жашта болчу. Көбү колунда бар үй-бүлөнүн балдары экени айтылат. Алар 70тен ашык турак жайга кирип, баалуу буюмдарды шыпырып кетип турушкан. Жеңил акча табуунун кыныгын алган эргулдар ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал-майордун үйүн тоноп бир нече куралды көтөрүп кетишкен. Ошондой эле Казакстандын президенти "Нурсултан Назарбаевге" деп жазылган тапанчаны да коңшу өлкөнүн губернаторлорунун биринин үйүнөн уурдаган. Мындан сырткары, алардын бир нече мамлекеттик орган менен мекемелерди да курутканы айтылат.

Өлүм жазасын алган зөөкүр

Кылмышкер борбор калаада унаасын жууп жаткан тургундун машинасын айдап качкан. Кийинки күнү таанышыныкына мейманга барат. Ал жактан бир дасторкондо чогуу отурган кошуна малчыны майрам бүткөндөн кийин талаага алып чыгып сабап өлтүрүп салган. Андан соң ошол эле түнү маркумдун келинчегине кол салып, аны акыл-эсинен айнып, майып болуп калганча сабаган. 23 жаштагы зөөкүрдү милиционерлер бат эле колго түшүрүп, сот шектүүнү өлүм жазасына тарткан. Кылмышкер алты кыз-уулду жалгыз баккан жесир аялдын тун баласы экени белгилүү болгон.

47 күн изделген сержанттын сөөгү

Видео задержания членов ОПГ в Кыргызстане — 9 человек поймали в одной квартире - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү тобу менен кармалды. Видео
Аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жети жоокер түн ортосунда сержантты өлгүчө тепкилеп салган. Кек сактагандар жабырлануучуну он мүнөткө жеткизбей эле тынчытып, ээн таалага таштап кетишкен. Кийинки күнү маркумдун каза болуп калганын көрүп, аны ич ара эч кимге айтпай, денесине темир-тезек байлап суу сактагычка чөктүрүп, кийим-кечесин өрттөп жиберишкен. Атайын суучулдар аскер кызматкеринин сөөгүн 47 күндөн кийин гана тапкан. Жаш жигиттер мындай жолго казармадагы "дедовщинанын" айынан баргандыгын айтышкан.

Өткөн айдагы чуулгандуу соттук чечимдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0