Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-март— Sputnik. 5-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Талас өрөөнүндө +6...+8, Чүй облусунда +3…+8 градус жылуу болот.

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл аймагында +3…+8, Нарын жергесинде -1…+4 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаайт. Абанын температурасы Ош шаарында +8...+10, Бишкекте күндүн табы +5...+7 градуска жетери болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0