БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Маевка айылындагы көчөлөрдүн бириндеги кудуктан түйүлдүк табылды. Бул туурасында тартип коргоо органдарындагы маалымат булактарынан кабарлашты.
Алдын ала берилген кабарга караганда, түйүлдүк болжол менен төрт-беш айлык.
Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери келген.
Учурда тартип сакчылары түйүлдүктүн энесин издеп жатат.
Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чүй облустук милициясынан бул маалыматты тастыктап, азыр окуянын чоо-жайы иликтенип жаткандыгын айтышты.