Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКарусель ойноп жаткан адамдар. Архив
Карусель ойноп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-фев.— Sputnik. Бейшемби күнү, 28-февралда, өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Таласта +8…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8…+13, Ысык-Көл облусунда +2…+7 градус жылуу болсо, Нарын аймагында 0…-5 градус суук болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +9...+11ге жетсе, Бишкекте күндүн табы +11…+13 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0