БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. "Токмок" көзөмөл өткөрүү пунктуна жакын жердеги атышуу боюнча тергөөчүлөрдүн мамлекеттик башка органдарга дагы суроосу көп. Мындай пикирин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Токмоктогу атышуу боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында жетекчилер кандай жазага тартыларын айтабыз. Азыр башка кызматтарга карата да көп суроолор бар. Маалыматты биз ЖМКдан алдык", — деди ал.
Жунушалиев Токмоктогу чек арага жакын жерде болгон атышуу боюнча тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен тийиштүү жетекчилер менен кызматтарга чара көрүлөрүн билдирди.
Чүй облустук милициясы атышуудан кийин эч кандай арыз түшпөгөнүн, ЖМКларга чыгып кеткен маалыматтын негизинде аталган факты Жоруктар жана кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталганын айткан. Ал ортодо интернетте дал ошол атышуудан башына, бутуна жана далысына ок жеди делген кишинин видеосу тараган. Өз кезегинде милиция ал жаран башка күбөлөр менен чогуу суракка алынганын билдирген.
Атышууга катышкан Асхат Усенов менен Данияр Бейшенкулов ооруканада. Экөөнө тең эки айга камакка алуу чечими чыккан.