БИШКЕК, 4-фев. – Sputnik. Калифорния штатындагы Йорба-Линда шаарында учак кишилер жашаган үйгө кулады. Бул туурасында РИА Новости Sun басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Окуянын видеосун ага күбө болгон адам социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
A plane crashed in my neighborhood MInutes who #yorbalinda #planecrash #abcnews #cnnnews #news pic.twitter.com/ApabRhrWfB
— Joshua Nelson (@JoshuaRNelson) 3 февраля 2019 г.
Аба кемеси эки үйгө келип түшүп жарылган да, андан кийин өрт башталган. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана Тез жардам келген. Жабырлангандар туурасында маалымат жок.
Басылма окуя болгон аймактан анча алыс эмес аралыкта мектеп жайгашкандыгын кошумча кабарлады.